Биз менен байланышыңыз

АКШ: Катуу бороондон улам 70тен ашык адам каза болду

Дүйнө , Кыска кабар | 12 Дек 2021 | 881 | 0

АКШда бороон-чапкындан улам эки жүз миң адам электр жарыгысыз калып,  70тен ашык адам каза тапты. Бул тууралуу «РИА Новости» билдирди.

Американын чыгыш штаттарын каптаган бороон 200 миң адамды жарыксыз калтырды. Ошондой эле Кентукки штатында 70тен ашуун адам каза болду.

Телеканалдын маалыматы боюнча, Теннессиде 138 миңге жакын, Кентуккиде 72 миңге жакын колдонуучу электр жарыгы жок экени айтылды.

Буга чейин Иллинойс штатындагы торнадо Amazon интернет-ритейлеринин кампасын талкалап, кеминде эки адам каза болгон, имаратта 50дөн 100гө чейин адам болгон.

«Азыр каза болгондордун саны 70ке жеткени менен күндүн аягына чейин жүзгө чейин жетиши мүмкүн», — деп кошумчалады облус жетекчиси.

Тактап айтканда, кырсык Иллинойс, Миссури, Арканзас, Кентукки жана Теннесси штаттарын каптады. Кентукки штатында эле 70ке жакын адам каза болгон.

Мамлекет башчысы жапа чеккен аймактарга жардам көрсөтүү үчүн федералдык ресурстарды бөлүүнү тапшырды.

Copyright © 2017 Maral FM