Биз бүгүн Америка кошмо штаттарында курулуш тармагында ишкердик менен алектенген Кудояр Бейше уулун кепке тарттык. Ал ишкердик жолу, Америкадагы ишмердүүлүгү тууралуу маек курду.
Кудояр Бейше уулу, 1979-жылы Түп районунда төрөлгөн. 1997-жылы Хусейин Карасаев атындагы лицейди бүтүрүп, Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетин 2002-жылы аяктап, экинчи билимин Менежмент жана туризм институтунун Финансы жана кредит бөлүмүндө алган.
Орусияда эмгектенип келип, Бишкекте курулуш компаниясын ачтым
Ошол кезде эки тандоо болуп калган: биринчиси мамлекеттик жумушка барып аз айлык менен иштеш керек, же жеке компания ачып өзүңчө иш кылышың керек деген. Өзүңдүн жеке ишиңди ачып, иштетип кетүү оңой эмес болгондуктан, мен Москва облусуна кеткем. Ал жерде курулуш компаниясына иш коопсуздугу боюнча инженер болуп кирип, KNAUF Insulation компаниясынын курулуш долбоорунда, Чехов, Ступино шаарларында Danone, Campina деген заводдордун курулуш долбоорлорунда иштеп, курулуш тармагына аралашып калдым. Андан соң Кыргызстанга келип, азыркы “Азия моллдун” ордунда “МунайМырзаСтрой” деген компания бар эле, ошол жерде бир жылдай иштедим. Кийинчерээк, австралиялык мунай-газ компаниядан сунуш түшүп калып, ал жакта эмгектендим. Ал компания менен Кыргызстанда геологиялык изилдөөлөрдү жүргүзөт элек. Ошол жерде иштеп жүрүп көп нерсе үйрөндүм. Негизи, чоң компанияларда кадрларга минималдык талаптар болот, ошонун негизинде мени Малайзияга жөнөтүп, Johor Bahru деген шаарда окуп, билим алдым. Андан сырткары дагы бир канча мамлекетке жөнөтүп, анын ичинде Австралиянын Сидней жана Аделаиде шаарларында квалификациямды жогорулатууга шарт түзүп беришкен. Эсебим боюнча, барып келген транспортума, тамак-ашыма, окуган окуу жайыма төлөгөн акчасы дээрлик 200 миң даллардай коротулган. Кийин, 2010-жылкы окуялардан соң бул инвесторлор кетип калышкан. Ошентип алган билим, тажрыйбам менен Бишкекте курулуш компания ачтым. Мунун баары университетти бүткөндөн кийинки тандоомдон болду. Эгер мен мамлекеттик жумушту тандап, 15 миң сом айлыкка иштей бергенимде мынчалык билим, тажрыйба алмак эмесмин. Азыр дагы мамлекеттик кызматка баргым келбейт, анткени система жаңыланмайынча иштөө мүмкүн эмес.
АКШга инвестордук виза менен кеттим
Азыркы тапта АКШда бир курулуш компания ачканбыз. Азыркы учурда ушул компанияны жетектеп турган кезим. Бул жакка ар кандай жолдор менен келүүгө болот. Алгач Америкадагы партнерлорумдун чакыруусу менен келип, ишти көргөндөн кийин башташ керек экенин түшүнгөм. Ошондо ишкерлер үчүн Investment Visa’га тапшырып, аны 2022-жылдын мартында алдым. Ошондон бери курулуш компаниясынын жетекчиси катары иштерди жүргүзүп келе жатам. Компаниябыз азырынча жаңы болгону менен амбициябыз күчтүү, буйруса бутка тургузуп иштетип кетерибизге ишенем.
Бул жакта бардык компаниялар өздөрүнүн тарыхы менен камсыздандыруу компаниялары менен, банктар менен ишти жеңил алып кете алат. Эгерде компаниянын тарыхы жок болсо, анда алар менен иш алып баруу бир топ кыйынчылык жаратат. Ошондуктан биз жыл башында концорциум түзүп, төрт адам үч компания деп биригип, жаңы долбоорлорго деп кол койгонбуз. Мындай жол менен өнөктөш компаниялардын тарыхын колдонуп иштөөгө жеңилчиликтер болот. Жалпы эсебинен 10 млн. доллардык келишим түзгөнбүз. Марттан бери ошол долбоордун үстүнөн иштеп келип, бирок учурда экономикалык туруксуздук болуп жатканына байланыштуу, mitigate risk (тообокелчиликти жеңилдетүү) деп коет, ошону колдонуп биз пауза алдык дагы, курулуш кызматтарына өттүк.
АКШда курулуш кызматтарында иш алып барабыз
Курулуш тармагында иш алып баруу үчүн бизнес лицензия алынды. Негизи, бул жакта лицензиянын түрлөрү бар. Мисалы, электрикалык иштерге өзүнчө, кондиционер, желдетүү иштерине өзүнчө, сантехникалык жумуштарга өзүнчө берилет. Ошону менен курулуш тармагында иш алып баруудабыз.
Ошондой эле ар бир штаттын өз-өзүнчө талаптары бар. Биз компаниябызды башында Иллинойс штататында ачканбыз, кийинчерээк Техас штатынын Хьюстон шаарына каттаттык. Эки штаттын талаптары окшошураак, бирок Иллинойс штатынын салыгы көбүрөөк. А Техастын штаттык салыгы жок. Ошондуктан көп бизнесмендер бул жакка келишип, бул жерде атааңдаштык күч.
Бул штаттын жакшы жери, башкы иш аткаруучу компания, кол алдындагы дагы бир иш аткаруучу компаниянын лицензиясы менен иш жүргүзө алат. Мисалы электр, желдетүү ж.б тармагына өзүнчө алынган лицензияларды General contractor (башкы подрядчик) катары иш алып барууда колдонсо болот. Биз башында эски үйлөрдү алып, ремонттон өткөрүп, жаңылап сатабыз деген максатта компаниябызды Иллинойстон каттоодон өткөргөнбүз. Бирок, Техаста бизнес жүргүзүүгө шарттар жеңил болгону үчүн каттоону бул жакка котордук. Атаандаштык күч, бирок жумушчулардын баасы арзан жана бизнеске ыңгайлуу.
АКШда айлык акы жакшы төлөнөт
Америкадагы биздин жарандар жакшы иштеп жатышат. Көбү оор жүк ташуучу машинелерди айдайт. Бул жерде кандай эмгек кылсаң ошого жараша акча төлөп берет. Башка өлкөлөрдө, мисал үчүн, мен Австралияда жашап жүрдүм, ал жерде сен кайсы мамлекеттин жараны экениңе жана тажрыйбаңа жараша акы төлөйт. Эгерде сен америкалык же англиялык болсоң сага көбүрөөк акча төлөйт. А Орусиянын, Индиянын же Түркия же Кыргызстандын жараны болсоң, мисалы, азыраак төлөйт. Америкада андай эмес, баарына саатына бирдей төлөйт. Ошондуктан бул жак жакшыраак. Анан канчалык жумушуң оор болсо ошончолук көп төлөнөт. Ошол үчүн оор жүк ташыган айдоочулардын эмгеги бааланат, жол азабы көр азабы деп коет. Биздин жарандар бул жакта көбү ошондой машиналарды айдашат. Андан сырткары IT жагында дагы өнүгүүлөр көп. Келип, 6 ай окуп, чоң ийгиликтерге жетишип жатышат. Биз өзүбүзгө баа беришибиз керек, биздин жарандар аябай эмгекчил, иштерман келишет. Мен бул жактагы кыргыздарды көрүп алып, аябай сыймыктанам. Бекер отурган адам жок. Баары жанталашып иштеп же окуп жүрүшөт.
АКШда IT же логистикалык бизнестен башка да мүмкүнчүлүктөр бар
Бул жакта бир гана IT же логистикалык бизнес эмес, андан башка дагы бизнестер көп: трейдерлер, алып сатмай жумуштары бар, дүкөндөрдү, кофейняларды ачса болот. Дегеле, көп тармакта иш баштаса болот. Керек болсо, айыл-чарба менен да иштесе болот. Пахта эгип, иш кылууга мүмкүнчүлүктөр бар. Бул үчүн бир гана легалдуу статусуң болушу керек. Ошондо анан бизнес планыңды түзүп алып, акырын ишти баштай бересиз. Мен биздикилерди курулуш тармагына, айыл чарба, мал чарба тармагына да кирсе дейт элем. Тактап айтканда, бул жакта бир гана Трак же IT тармагына эмес, жогоруда атап өткөн тармактарына да кирсе, акчадан эч таарынбайт. Бир гана нерсе, легалдуу жол менен кирүү керек.
Былтыр жана быйыл Чикагодо кыргыз-америкалык бизнес форум болуп, ассоциация түзүлдү. Ошол форумда дагы бизнестин ар кайсы тармактарына бөлүнүп, сектордук иштерди жүргүзөлү деп айттым. Курулушчулар болсо, курулушчулар чогулуп, трейдерлер өзүнчө, логистика жагында иш кылгандар өзүнчө чогулуп, өнүктүрсөк болот. Ошентип, Кыргызстан менен Американын ортосундагы ассоциациялардын, эки мамлекеттин ортосундагы байланышты чыңдай алабыз. Ошондо биз ортодо жакшы көпүрө курабыз. Канткенде да, бул жактын экономикасы аябай кубаттуу. Мисалы, Хьюстон шаарын алсак, ИДПсы 469,39 млрд доллар. Биздики мамлекеттики 8,5 млрд. доллар болсо, бир эле шаардыкы Кыргызстандыкынан дээрлик 55-60 эсе чоң. Эми элестетсеңиз, ушундай чоң ИДПсы бар жерде бир бизнес ачып, агымга түшүп алсаңыз, каалаган бизнесиңизди жүргүзүп кете аласыз.
Америка менен Кыргызстандын курулуш тармагындагы айырмачылыктары
Бул жердеги курулуш системасы, бир эле ал эмес, анын тегерегиндеги башка иштер дагы мага жакты. Америкада биз үйрөнчү көп айырмачылыктар бар. Мисалы, Бишкекте ар бир компания өзүнүн сатуу бөлүмүн ачат. А бул жакта сатуу бөлүм деген жок. Жалаң окуган, экзамендерден өткөн риэлторлор, брокерлер, чоң компаниялар бар. Маселен, мен үй же жер сатып алайын десем, бир брокерге чалып, “мага мындай жер, бул жактан, талаптары мындай, мынча баага” десем, ал официалдуу түрдө барып издейт. Бул учурда мен сатып алып жатам, брокерлерде сатып алуучу жана сатуучу болуп бөлүнүшөт. Ортодо 6% бар, ошону сатуучу менен сатып алуучу брокерлер ортодо бөлүшүп алышат. Бирок ал акчаны сатуучу төлөйт. А бизде болсо компаниянын сатуу бөлүмүнө менеджер алып, окутуп, үйрөтүп алышат. А бул жакта ушул мамлекеттик деңгээлде брокерлер иштешет. Ошолор башынан аягына чейин контролдоп беришет. Ушундай системаны Кыргызстанга да түзүш керек.
Негизи көп жеңилдиктер бар. Мисалы, Бишкекте үй салам десең бир жумада жерди изилдеп, анан мамкаттоого барып текшертип, сатып аласың. Бул жакта андай эмес, сага жерди изилдегени 2 ай убакыт берет. Анда сен баарын карайсың: экологиялык, топографиялык изилдөө, жер булганган эмеспи, жердин асты суу эмеспи, текшересиң. Баарын текшерип бүткөндөн кийин 30 күн же 15 күн убакыт аласың. Ал убакытта юристтер иштеп, жерди сатып алуу келишимин ишке ашырасың. Ушундай талаптар бар.
Анан бизде бир объектке электр зымдарын тартайын десең, “мына бул жерге кошосуң, андан буга чейин тартып келесиң, анан бул эски транформаторду жаңысына, күчтүүрөөгүнө алмаштырасың, эскисин бул же тигил РЭСке өткөрүп бер дейт”. А бул жакта өздөрү баарын тартып беришет. Суу дагы жылуулук тармагы дагы ошондой.
Жеңил конструкциялуу үйлөрдү салууга өтүшүбүз керек
Бул жакта үйлөр бир кабат, эки кабат, беш кабат болсун, көбүнчө жыгачтан салышат. Сыртын болсо кадимки эле баягы фасад кирпичтер менен, же материалдар менен капташат. Электр, вентиляция боюнча өздөрүнүн талаптары бар. Бул жакта көбүнчө үйлөр жеңил салынат. Мисалы, жыгачтан салынган үйлөр көп. А бизде жер үйлөр болобу, таунхаустар болобу баарын эле темирбетондуу каркас, кызыл кирпич, пенобетон менен салынат. Эмнеге буларды айтып атам, анткени биздин аймак сейсмикалык кооптуу жер, үйлөр оор болуп калса жер титирөөгө туруштук берүүсү кыйын болуп калат. А эгер Америкадагыдай жеңил үйлөр болсо, жер титирөөгө туруштук берүү жеңил болот. Мен ушуну абдан белгилеп айткым келет, биз дагы жыгачтан салынган, жеңил үйлөрдү куруу технологиясына өтсөк дейт элем.
Билимсиздиктин айынан саясатташып кеттик
Мен жаштарга ар дайым көңүл буруп келем. Жаштыгымдан бери бир ысыкка, бир суука урунуп жүргөн киши катары айтсам, адеп-ахлактуу болуу жана окуп билим алуу керек. Эгер тарбиялуу, билимдүү болсоң сага эч нерсе тоскоолдук кыла албайт. Мен өзүм Түптөн болом, “Түппрогресс” деген коомдук бирикме ачканбыз. Ал жакта Түп районунун бизнесмендери чогулуп, айылдагы, райондогу көйгөйлөрдү талкуулап, “эмнеге бөлүнүп-жарылуу көп, эмнеге баарыбыз саясатташып кеттик, эмнеге бул көйгөй, же тигил көйгөй чечилбейт” деген суроолорду кууп отуруп, аягында билимге келип токтогонбуз. Эмнеге дегенде, айылда 11-классты бүтүргөн бир-эки бала чет жака кетип, үйүнө акча салса, аны көрүп, көбү артынан кетишет. Көйгөй – билимсиздиктен жаралат. Демек, биз көбүрөөк окууга көңүл буралы деп, райондук деңгээлде азыр ар бир мектеп менен биз иш алып баруудабыз. Район боюнча ар бир мектепке китеп окуу конкурстарын кылып турабыз. Мугалимдерге да конкурстар уюштурулат. Эң жок дегенде китепти окусун, көңүл бурсун, аны сүйсүн деген максатта ушундай иштер аткарылат. Себеби китеп аркылуу билим келет. Андан башка, окууну бүткөн бала тестирлөөдө шыгы болбогондуктан, ЖРТда билип турса дагы туура эмес жооп берип калган балдар болот экен. Ошондуктан, тестирлөөгө балдарды алдын ала даярдап, райондук деңгээлде тест алып турабыз.
Китеп көп окуган баланын ой жүгүртүүсү кенен болот
Айылдан чыкпай жүргөн баланын ой жүгүртүүсү айылдын деңгээлинде болот, а китеп окуган баланын ой жүгүртүүсү дүйнөлүк деңгээлде болот. Сен америкалык жазуучунун китебин окусаң, сен ошол жазган нерсесин, ой жүгүрткөнүн окуп, билесиң. Париж жөнүндө китеп окусаң сен айылда отуруп Парижди көрөсүң. Ошол себептен билим алуу, китеп окуу маанилүү. Ошону менен бирге, тарбияны дагы мыкты алыш керек. Сен канчалык билимдүү болбо, тарбияң начар болсо, билимиңдин бир тыйын пайдасы жок. Тескерисинче, ал билимин зыяндуу нерселерге колдонуп, зыянкор болот. Билимдүү качан адеп-ахлактуу болгондо, ал ошол билимин жакшы жактарга колдонот. А эгер тарбиялуу болуп, билими жок болсо, “ал тарбиялуу киши, момун киши” дейт, бирок ал ошол бир жерде тура берет, эч жакка жыла албайт. Ошол себептен билим менен тарбияны чогуу алып жүрүү маанилүү.
Ошондой эле мен Кыргызстандагы “Про КГ” профессионалдар клубу бар, ошол жакта мүчөмүн. Ал жакта жалаң билимдүү, креативдүү жаштар бар, ар кимиси өз тармагынын мыктылары чогулган. Менин айылымда Ойтал мектеби жана Кичи-Өрүктү орто мектеби бар. Жыл сайын барып, жаштарга мотивациялык лекция окуп, семинар өтүп турчумун. Америкага келгенден бери клубдагы мыкты балдар барып, семинар өтүп, балдарга мотивация берипт турат. Жаштар көбүрөөк ушундай профессионал ишкерлердин, билимдүү балдардын лекцияларына катышып, алардан үлгү алса дейм.
Жаштар ишкердик кылып, айылдардын өнүгүүсүнө салым кошкула
Ал эми Жогорку окуу жайын бүтүп жаткан студенттерге мен өзүмдүн мисалымда кеңеш берип келем. Мен окууну бүткөн соң эки тандоо болгон: биринчиси, аз айлык алып, мамлекеттик жумушта иштеш керек болсо, экинчиси, жеке сектордо иш алып баруу керек. Мен Бишкекте үйүм жок, же машинем жок болсо, аз айлык менен жүрүп коррупцияга аралашып калбаймынбы деген кооптонуу болгон. Ошентип, жеке ишкердик кылууга бел байлап кеткем. Бул жол менен мамлекетке салым кошо аласың. Маселен, биздин компания төлөгөн салыктын суммасы менен биздин айыл өкмөт дотациядан чыгып кетмек. Биз Бишкекте мамлекеттик бюджетке төлөйбүз, эгер айыл өкмөткө төлөгөнүбүздө айылыбыз бир топ өнүгөт эле. Ошол себептен жаштарга ишкердик кылып, айылыңарга, аймагыңарга, өлкөгө салым кошкула деп көп сунуш берип келем.
Аягында жаштарга айтарым, жакшы жашоодон эч качан үмүтүңөрдү үзбөгүлө. Жакшы жашоону Кыргызстандан деле кура берсе болот. Элге пайда кылгың келсе, турган жериңден деле пайда кылсаң болот. Келечегибиз жаштардын колунда. Биздин өнүккөн, билимдүү жаштарыбыз мамлекетибизди бардык тармактан өнүктүрүп кете аларына мен терең ишенем. Биз дагы колдон келген жардамыбызды беребиз, биргеликте өлкөнү өнүктүрөбүз.