Биз менен байланышыңыз

Мамкурулуш 2021-жылы 520 лицензия берген

Кыска кабар | 8 Фев 2022 | 321 | 0

2021-жылы өлкөдө капиталдык салымдарды өздөштүрүү боюнча 367 имаратка 2 млрд 787 млн 500 миң сом каралган. Каржы министрлиги тарабынан 2 млрд 749 млн 400 миң сом бөлүнүп, планга кирген 95 объектинин ордуна 109 имарат салынган. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Токтомамбет Сатышов Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде маалымдады.

Токтомамбет Сатышов билдиргендей, өткөн жылы мамлекеттик экспертизага 2088 долбоорлук-сметалык документ түшкөн. Алардын ичинен 1729 долбоор биринчи тапшырылганда эле жактырылган.

«Учурда Кыргызстанда курулуш тармагында 5 миң юридикалык жана жеке жак лицензиясы алган. 2021-жылы курулуш жүргүзүүгө 520 лицензия, 2618 квалификациялык сертификат берилген», — деди Сатышов.

Кошумчалай кетсек, Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин башкаруу системасы борбордук аппараттан, 6 ведомстволук мекемеден жана 54 аймактык башкармалыктан турат. Аларда жалпысынан 1825 кызматкер эмгектенет.

Copyright © 2017 Maral FM