Биз менен байланышыңыз

Курулуш тармагындагы көйгөйлөр

Коом , Кыска кабар | 3 Ноя 2020 | 735 | 0

Курулуш тармагындагы негизги көйгөй — мамлекеттик колдоонун начардыгы. Өкмөттөгү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы кызматкерлердин баары эле курулуш компанияларын ар тараптан колдоп, жардам бере беришпейт. Буга байланыштуу ЖИА бизнес бирикмеси Бишкек шаарында мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда «2020-жылдагы курулуш тармагындагы абал» деген темада тегерек стол өткөрдү. Жыйында тармактын өнүгүүсүнө тоскоол болгон негизги көйгөйлөр талкууланып, чечүү жолдору сунушталды.


Коронавирус пандемиясы курулуш тармагында 5-6 жылдан бери чечилбей келген маселелерге кошумча көйгөй жаратты. Алсак, улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, өлкөнүн ИДӨсүнө курулуш тармагынан түшө турган киреше быйыл 3.3%га төмөндөп кетти. Ал эми 2019-2020-жылдар аралыгында «Doing business» рейтинги боюнча, курулушка уруксат алуу индексинде Кыргыз Республикасы 29-орундан 90-орунга түштү. Эгерде курулуш компаниясы 1 жылдын ичинде уруксат кагаздарын ала албаса, 6 млн сомго чейинки жоготууга учурайт. Мындай көйгөй мыйзамсыз курулуштарга себеп болушу мүмкүн. Бул тууралуу ЖИА бизнес ассоциациясынын курулуш комитетинин төрагасы Чолпонбек Акматов маалымдады.

— Калаанын түштүк аймагында салынып жаткан үйлөргө суу киргизүү, канализация тартып келүү — чоң көйгөй жаратууда. Бир куб суунун баасы 33 миң сомдон айланат. Жадагалса, Америкада да мынчалык кымбат эмес. Ага да карабай, миллиондогон сомдорду төлөп, бирок суу киргизе албай жаткандар арбын. Анткени «Бишкексууканал» жаңы түтүктөрдү тартууга жетишпей жатат. Алар Европа банкынан насыя алышкан, бирок көп бөлүгүн курулуш компаниялары төлөп койду. Мындан сырткары жылдын башында 12 токтом жана курулуш тармагын өнүктүрүү стартегиясы кабыл алынган. Бирок эч кандай өзгөрүү жок болгондуктан, тегерек столго чогулдук.  

Курулушчулар союзунун төрагасы Аскарбек Молдобаев бул тармактагы көйгөйлөрдү тизмектеп берди. Анын айтымында, тармак ченемдик-укуктук актылардан катуу жабыркап келет. Маселен, жерге байланышкан жагдайларды жөнгө салуу үчүн тийиштүү актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүү керек. Бирок Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги социалдык объектилерди каржылоо менен гана алектенип, бул иштер алдыга жылбай турат. Курулушка уруксат берүү жана экспертиза чөйрөсүндө бирдиктүү терезенин иши да көңүл жылытпайт.

Булар курулушчуну чуркатып, кыйнай беришет. Биз: «Курулушчу менен архитектор гана беттешсин», — деп жатабыз. Калган иштерди архитектор бүтүрөт. Бирок буга каршы чыгышууда. Анткени «жең ичинен кол силкишмейлер» (пара алып, пара берүү) көп. Буга кошумча, суу, канализацияга туташууда кызматтын бааларын көтөрүп жатышат. Жер, насыя берүү боюнча нормативдик укуктук актыларды жеңилдетсе… Биз өкмөттөн тыйын сураган жерибиз жок, шарт түзүп берсе, ишти өзүбүз алып кетет элек… 

Анткен менен Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Мирбек Акматалиев «Doing business» рейтинги курулушка уруксат алуу индексин кандай ыкма менен караганы белгисиз экенин айтып, мекеме уруксат кагаздарын берүү боюнча көптөгөн жеңилдиктерди киргизгенин билдирди. Ага ылайык, долбоордук документтер экспертизадан өтүп, оң корутунду чыкса, курулушту баштоого болот.

— Мурда экспертизанын жүрүшү 4 маморганда эле. Эми функциялардын баарын биздин агенттикке топтойбуз. Мындан ары экспертизадан бирдей тартип менен, жобо аныктаган мөөнөттө өтүшөт. Бул боюнча мыйзамдын долбоору парламенттин II окуусунда каралат. Андан соң ийгиликтүү болсо, ишке киргизебиз. Курулуш жеринин документтери туура эмес болуп, инженердик камсыздоо тутумдары толук эмес, долбоордо каталар кетсе, кайра экспертизадан өтөт. Уруксат документтерин алуу өздөрүнүн шалаакылыгынан 80 күнгө узарып кетсе, ага мамлекеттик орган күнөөлүү эмес да. Ошондуктан «документ бүтмөйүнчө, курулуш иштерин баштабагыла» деген үгүт иштерин жүргүзүп жатабыз. 

Бүгүнкү күндө курулуш тармагы экономикалык кризиске учурап, оор абалда. Анткени бул тармак 2015-жылдан бери стабилдүү түрдө жыл сайын 1.5%га өсүп келе жаткан. Тилекке каршы, быйыл көрсөткүчтөр төмөн. Курулуш тармагындагы майда техникалык көйгөйлөр да чоң жоготууларга кириптер кылууда. Маселен, Бишкекте мэриянын алдындагы шаар куруу кеңеши жыл башынан бери жыйынга чогулбай жатат. Бул тууралуу ЖИА бизнес-ассоциациясынын аткаруучу директору Фархад Пакыров билдирди.  

— Ошол кеңешке байланыштуу 80ге жакын документ кароосуз турат, курулушчулар иштерин баштай албай келет. Мындан сырткары мэриянын астында жерди башкаруу боюнча да кеңеш бар. Алар да чогулбай жатат. Мамлекеттик жана муниципалдык органдардын ортосунда функциялар кайталанып, ишкерлер кайсы маселе боюнча кимге кайрыларын билбейт. Казакстан, Орусиядагыдай курулуш тармагына жеңилдетүүлөр болбосо да, айрым маселелерди чечип берип коюшса…  

Ал эми Бишкек шаарынын вице-мэри Улан Азыгалиев жыйында көтөрүлгөн маселелер боюнча тапшырмалар берилгенин кабарлады. Ал белгилегендей, ушул жума шаар куруу кеңеши чогулуп, мурда калып калган маселелерди кайра карап чыгат. Эки айдын ичинде кеңешке тиешелүү бардык маселелер чечилет. Ал эми бирдиктүү терезе боюнча «Бишкек Башкы архитектура» муниципалдык ишканасына өзүнчө тапшырма берилет.

— Техникалык шарттар маселеси боюнча бардык инженердик кызматтар менен дагы бир жолу жыйынга чогулуп, тапшырма берилет. Бизде кубаттуулук боюнча интерактивдүү карта иштеп чыгууда жумуштар жасалууда. Анда бардык инженердик кызматтар кубаттуулугун көрсөтөт. Жалпысынан, мэрия курулуш тармагы боюнча ачык диалогго даяр. Шаардык мекемелердин катышуусунда бир катар ири чогулуштарды өткөрүп, мыйзам чегинде иш алып барабыз.

Айта кетсек, тегерек столдун соңунда курулуш тармагынын өнүгүүсүнө тоскоол болгон негизги көйгөйлөрдү чечүүнүн жолдору боюнча кайрылуу даярдалып, тийиштүү мамлекеттик жана муниципалдык органдарга берилери айтылды.

Copyright © 2017 Maral FM