Бишкек шаарынын Биринчи май райондук акимиаты Манас көчөсүн реконструкциялоого байланыштуу көчмө жыйын өткөрүп,  жолду оңдоого тоскоолдук жараткан электр өткөргүч линияларынын түркүктөрүн жана объектилерди алуу маселесин карады.

Көчмө жыйындын жыйынтыгында Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгына тоскоолдук жараткан объектилерди алууну тездетүү, Батыш РЭСке жана Бишкек шаардык телефон тармагына түркүктөрдү жылдыруу, ошондой эле №13 муниципалдык аймактык башкармалыгы «Бишкексууканал» башкармалыгы менен биргеликте курулуш иштери башталганга чейин жер иштерин бүтүрүү тапшырылды.

Белгилей кетсек, Боталиев менен Манас көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан жолдун Чоң Чүй каналынан паркка чейинки бөлүгүнө ирригациялык түйүндөрдү орнотуу жүрүүдө.