Биз менен байланышыңыз

Сатышов: Курулуш тармагындагы коррупция токтоду

Кыска кабар | 8 Фев 2022 | 741 | 0

Депутат Айбек Алтынбеков курулуш тармагындагы коррупциялык элементтерди атап, тендердик комиссиянын шалаакылыгынан сапатсыз имараттар салынып жатканын сындады.

«Эмне үчүн дегенде ал жерде 10% алмайынча аткаруучу компанияларга уруксат бербейт. Муну баарыбыз эле билебиз. Мамлекеттик заказдарды аткарып, мектеп, бала бакча курган компанияларды билебиз. Тендердик комиссия курулуштун  3%дан 10%га чейинки акчасын бермейинче, ал компанияны тендерден утту деп эсептебейт. Ошол коррупцияларды жоюу боюнча эмне иштер аткарылып жатат?» — деди Айбек Алтынбеков.

Ага жооп катары Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Токтомамбет Сатышов курулуш тармагындагы коррупциялык элементтер токтогонун билдирди.

«Биздин көңүл чордонубуздагы негизги маселе: коррупциялык схемаларды жоюу. Азыр коррупциялык схемалар токтоду, токтоттурдук», -деди Сатышов.

Copyright © 2017 Maral FM