Биз менен байланышыңыз

Ош шаарында үч ипотекалык үй курулуп жатат

Кыска кабар | 21 мая 2021 | 664 | 0

Бүгүн, 21-майда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов мэрия тарабынан ипотекалык негизде курулуп жаткан көп кабаттуу үйлөрдүн курулушу менен таанышып чыкты. Бүгүнкү күндө 3 көп кабаттуу үй курулууда. Август айында алгачкы 80 батирлүү үй пайдаланууга берилет. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Мэр курулуштун сапатын текшерип, тиешелүү кызматтарга тапшырмаларды берди.

«Өзүңүздөргө маалым болгондой Кыргызстанда биринчи жолу Ош шаарынын мэриясы ипотекалык негизде үйлөрдү кура баштаганбыз. Август-сентябрь айларына биринчи үйдү тапшырабыз деп турабыз. Ипотекага кезекке турган жарандар да көп», — деди мэр.

Ипотекага батирлерди берүүдө мугалимдерге, дарыгерлерге, соцкызматкерлерге, муктаждыгы бар шаар тургундарына квота берилет.

Экинчи көп кабаттуу үй «Достук» кичи районуна курулуп жатат. Ал 90 батирлүү. Көп кабаттуу үйдүн биринчи кабаты поликлиника болот. Үчүнчү көп кабаттуу үй Көкүм-Бий көчөсүнө 45 батирлүү болуп курулууда. 2022-жылдын жаз айларына курулушу бүтүп калат.

Copyright © 2017 Maral FM