Биз менен байланышыңыз

Ош милициясы: Түшкө чейин мыйзам бузуу катталган жок

Кыска кабар | 28 Ноя 2021 | 441 | 0

Ош шаарында бүгүн, 28-ноябрь саат 12:00гө карата мыйзам жана коомдук тартипти бузуу боюнча факт катталган жок. Бул тууралуу шаардык ички иштер башкармалыгы билдирди.

Коомдук абал толугу менен ички иштер органдарынын көзөмөлүндө. Интернет булактарында, массалык маалымат каражаттарында шайлоо учурундагы мыйзам бузуулар тууралуу пикирлерге мониторинг жүргүзүлүп, текшерилип жатат.

Ал эми шайлоого чейинки үгүт иштеринин жүрүшүндө жалпысынан 31 факт катталган. Анын ичинен өндүрүштө 6 материал турса, 5 материал сотко жөнөтүлдү. Тергөө учурунда тастыкталбаганы үчүн 5 материал кыскартылып, 7 материал аймактык шайлоо комиссиясына жиберилип, 8 материал башка материалдарга бириктирилген.

Copyright © 2017 Maral FM