Биз менен байланышыңыз

Тажикстанга 230 телевизорду мыйзамсыз алып бараткан жаран кармалды

Кыска кабар | 6 Дек 2021 | 1385 | 0

Чек ара кызматынын Лейлек чек ара отрядынын чек арачылары мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз товарларды өткөрүүгө бөгөт коюшту. Бул тууралуу Чек ара кызматынын коомчулук менен байланыш бөлүмү билдирди.

Маалыматка ылайык, чек арачылар Баткен облусунун Лейлек районундагы Достук конушунун кире беришинен 1989-жылы туулган Кыргызстандын жараны Х.Ж.нын башкаруусундагы «Мерседес Бенц -Спринтер» үлгүсүндөгү унааны токтотушкан.

Унааны текшерүү учурунда мыйзамсыз ташалып бара жаткан 230 куту телевизор табышкан. Алдын ала маалыматтар боюнча, жүк Тажикстандын аймагына андан ары ташуу үчүн алынгандыгы белгилүү болгон.

Белгилей кетсек, аталган жаран өзүн өтө агрессивдүү алып жүргөн жана жаңжал чыгарууга аракет кылган. Ал буга чейин эки жолу коңшу мамлекетке мыйзамсыз жүк ташыгандыгы үчүн административдик жоопкерчиликке тартылган.

Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин кармалган жаран жана мал андан ары териштирүү үчүн тиешелүү кызмат адамдарына өткөрүлүп берилди.

Copyright © 2017 Maral FM