Биз менен байланышыңыз

Ош шаары парламенттик шайлоого даяр

Кыска кабар | 3 Ноя 2021 | 398 | 0

Бүгүн, 3-ноябрда Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов шайлоо тилкелеринин даярдыгын көрүп чыкты.

Калаа башчысы ар бир аймактык башкармалыктын бирден шайлоо тилкесин көрдү. Алардын ичинде №5278, №5900, №5274, №5555, №5310, №5324, №5321 участкалык шайлоо тилкелеринде болгондо интернет байланышынын, жылуулуктун болушуна, алтернативдик энергия булактары менен камсыздалышына өзгөчө маани берилип, тапшырмалар коюлду.

Мэр өз сөзүндө участкалык шайлоо тилкелеринде даярдык жакшы экенин жана керектүү жабдуулар менен камсыздоо өз убагында жүрөрүн айтты. Шайлоо өткөрүү боюнча штабдын мүчөлөрүнө айрым кемчиликтерди жоюу тапшырмасын берди.

Ош шаарында шайлоо тилкелерининин басымдуу көпчүлүгү билим берүү мекемелеринде жайгашкан. Даярдык иштери алдыда дагы көзөмөлдөнүп турмакчы.

Copyright © 2017 Maral FM