Биз менен байланышыңыз

Ош шаарын өнүктүрүү программасын ишке ашырууга 18 млрд сом керектелет

Кыска кабар | 26 Окт 2021 | 400 | 0

Бүгүн, 26-октябрда Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов «Ош шаарын 2021-2025-жылдарда өнүктүрүү» программасын коомдук угууга алып чыкты. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Шаар башчысы Алмаз Мамбетов таза суу менен үзгүлтүксүз камсыздоо боюнча 12 долбоор иштелип жатканын белгилеп, санариптешүү негизги приоритеттүү багыттарынын бири экендигин билдирди.

Жалпы программаны ишке ашырууга 18 млрд сомдон ашык сумма талап кылынат. Бул сумма жергиликтүү жана республикалык бюджеттен, гранттык долбоорлордон каржылана турганын кошумчалады ал.

Коомдук угууда катышкандар социалдык, экономикалык жана туризм, коммуналдык чарба, курулуш, санариптештирүү боюнча 5 секцияда иш алып барып, программага кошумча сунуштарды беришти. Талкуу учурунда жарандык активисттер жана шаар тургундары катышып, пикир билдиришти.

Белгиленгендей, Ош шаарын 2021-2025-жылдарда өнүктүрүү программасыөзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү үчүн бир айлык мөөнөт менен коомдук талкууга коюлду. Кошумча демилгелер кабыл алынган соң, программа шаардык кеңештин кароосуна киргизилет.

Ош шаарын өнүктүрүү боюнча программасы төмөндө:

Osh_shaarynyn_2021-2025gg._Onyktyryy_Programmasy_Osh_Jibek_Golunun_Provaideri

Copyright © 2017 Maral FM