Биз менен байланышыңыз

Бүгүн Ош шаарынын 3021 жылдыгы белгиленет

Кыска кабар | 5 Окт 2021 | 563 | 0

Бүгүн, 5-октябрда Ош шаарынын 3021 жылдыгы белгиленет. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Ош шаарынын өнүгүшүнө, шаардыктарга ыңгайлуу шарттарды түзүп берүү максатында, ак ниет эмгеги менен иштеп жаткан мекеме-ишканалардын кызматкерлеринин парады өтөт. Жөө жүрүш саат 09:30да башталып, концерттик программа менен коштолот.

Кечки саат 19:00дөн баштап Орусиянын белгилүү ырчысы, «Динамит» группасынын экс-солисти Илья Зудин, Өзбекстандын ырчы айымы Севинч Муминова, Кыргызстандын белгилүү эстрада жылдыздары Бактияр Токторов, Гүлжигит Сатыбеков, Нурлан Насип жана Ош шаарынын маданият башкармалыгынын чыгармачыл топторунун катышуусунда чоң программадагы гала-концерт болот.

Ош шаарынын күнү 2000-жылдан бери 5-октябрда майрамдалат. Калаа болжол менен 30 кылым мурун түптөлгөн. 1876-жылы шаар деген расмий макам берилген.

Copyright © 2017 Maral FM