Биз менен байланышыңыз

Ошто 500 баланын катышуусунда мэрдин балатысы өттү

Кыска кабар | 27 Дек 2021 | 492 | 0

Бүгүн, 27-декабрда Ош шаарынын мэринин «Алтын балаты — 2022» аттуу жаңы жылдык балатысы болуп өттү. Ага калаадагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары, мүмкүнчүлүгү чектелген, ата-энесиз балдар, жакшы окуган окуучулар болуп жалпы 500 бала катышты.

Бул жылдагы мэрдин балатысы өзгөчөлүктөр менен коштолду. Иш-чара Ош улуттук драма театрында өтүп, имараттын коридоруна жомок каармандарынын 3D форматындагы сүрөттөрү коюлган. Майрамдык концертте балдар сүйгөн жомоктордон сахналаштырылган көрүнүштөр көрсөтүлүп, атайын даярдалган ыр, бийлер менен коштолду.
Мэр Алмаз Мамбетов балдарды жаңы жылы менен куттуктап, балдардын окууларына ийгилик каалап, ата-энесин сыйлаган, мекенин сүйгөн инсан болгула деген тилегин айтты.

Иш-чаранын алкагында балдарга жаңы жылдык белектер берилди.

Copyright © 2017 Maral FM