Биз менен байланышыңыз

Ошто 14-17-октябрда Орусия кино күндөрү өтөт

Кыска кабар | 12 Окт 2021 | 467 | 0

Ош шаарында 14-октябрдан 17-октябрга чейин Орусия кино күндөрү өтөт. Бул тууралуу Ош мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Тасмалар «Семетей» кинотеатрында көрсөтүлөт, алардын тизмеси:

— 14.10.2021 саат 16:00 — кино жумалыктын расмий ачылышы, «Огонь» тасмасы;

— 15.10.2021 саат 17:30 — «Серебряные коньки» тасмасы;

— 16.10.2021 саат 18:00 — «Назад в степь к сарматам» тасмасы;

— 17.10.2021 саат 16:00 — «Подольские курсанты» тасмасы, жумалыкты жабуу иш-чарасы.

Кино күндөрүнө карата өтүп жаткан иш-чараларга Орусиянын эмгек сиңирген артисттери Юрий Кузнецов, Марина Яковлева, белгилүү актер Марк Вдовин, Михаил Шеломенцев, Тимур Гарипов, продюсер Елена Лебедева, Кыргызстандын белгилүү теле алып баруучусу Ассоль Молдокматова катышат.

Copyright © 2017 Maral FM