Биз менен байланышыңыз

Эксперт: Бул жолку шайлоо тынч өтөт

Кыска кабар , Пикирлер | 28 Ноя 2021 | 509 | 0

Шайлоо процесси негизинен тынч өтөт. Жеңгендер жеңет, утулгандар утулат, бул нерсени эл чечет. Мындай пикирин «Борбор Азиядагы тынчтык жана өнүгүү институту» коомдук фондунун төрагасы, саясий эксперт Бакытбек Жумагулов «Маралдын» эфиринде маек берип жатып айтты.

Ал белгилегендей, мыйзам бузууларды БШК, УКМК, ИИМ жакшы эле көзөмөлдөп жатат. Үгүт иштеринде айрым мыйзам бузуулар бар, бирок өтө олуттуу деп эсептелбейт, көбүнчө эскертүү гана берилүүдө.

Ошондой эле бул жолку парламенттик шайлоонун өзгөчөлүгүнө токтолду.

«Азыркы шайлоонун өзгөчөлүгүн айтсам, бир мандаттуу округ да кошулду. Бир мандаттуу округдан жана саясий партиядан чыккан талапкерлер округдун ичинде эле болду. Кайсы жерден болсо, ошол жерди көрсөтүп, партиядан талапкер бир мандаттуу округдан чыккан талапкерлер менен бирге иштерди жүргүзүп жатты. Үгүт иштерин жакшы эле жеткирип жатты деген ой-пикирлер бар», — деди Жумагулов.

Анын айтымында, 2020-жылкы шайлоонун жыйынтыктары менен Башмыйзамга өзгөрүүлөр кирген. Шайлоонун жыйынтыгы чыккандан кийин мыйзам бузуулар катталып калса, Борбордук шайлоо комиссиясы жокко чыгарууга укуктуу экени жаңы мыйзамда жазылган.

Copyright © 2017 Maral FM