Биз менен байланышыңыз

Кайра шайлоо-2022: Кол санак 100% серверге киргизилди

Кыска кабар | 28 Фев 2022 | 1669 | 0

Бишкектин №27 Биринчи май жана №29 Свердлов шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоодогу добуштарды кол менен эсептөө аяктады.

Биринчи май округу боюнча:
Эльвира Сурабалдиева — 47,97%;
Нурбек Тотонов — 18,43%;
Нурбек Токтакунов — 5,55% добуш алды.

Свердлов округу боюнча:
Абдурахманхаджи Муртазалиев — 19,52%;
Шайлообек Атазов — 18,10%;
Аскар Алмаз уулу — 14,06% добуш алган.

Ал эми жалпы 120 автоматтык түрдө эсептөө үкөгүнүн (АСУ) жыйынтыгында төмөнкү талапкерлер алдыда келе жатат:

Биринчи май округу боюнча:
Эльвира Сурабалдиева — 46,09%;
Нурбек Тотонов — 17,73%;
Нурбек Токтакунов — 5,33% добуш алды.

Свердлов округу боюнча:
Абдурахманхаджи Муртазалиев — 17,54%;
Шайлообек Атазов — 16,28%;
Аскар Алмаз уулу — 12,64% добуш алды.

Белгилей кетсек, БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова кайра шайлоонун акыркы жыйынтыгы 12-мартка чейин чыгарын белгилеген.

Бишкек шаарында 120 шайлоо тилкеси уюштурулду. Биринчи май районунда 60, Свердлов районунда 60 шайлоо участкасы түзүлдү.

Эки округ боюнча шайлоочулардын саны (контролдук) 219 миң 654 адам болду.

Белгилей кетсек, кайра шайлоого БШК тарабынан 52 талапкер катталып, бирок Биринчи май округунан эки талапкер катышуудан баш тарткан.

Copyright © 2017 Maral FM