Биз менен байланышыңыз

«Шайлоодо көбүрөөк акча сарптагандар депутат болушту»

Кыска кабар , Пикирлер | 28 Фев 2022 | 512 | 0

Шайлоо өткөрүүнүн жана шайлоого катышкан талапкерлердин баркы кетип калды. Мурда талапкерлер парламентке «элдин камын ойлоп, маселесин чечебиз» деп барышса, азыркы тапта эксперимент жүргүзүү үчүн же «кызмат алып алайын, бизнести коргоп калайын» деген максаттарды көздөп барышат. Мындай пикирин жарандык активист Атай Бейшенбек «Маралдын» эфиринде билдирди.

Ал бул шайлоодо көбүрөөк акча сарптаган талапкерлер өткөнүн баса белгиледи. Буга байланыштуу мындан ары шайлоо өткөрүүнү түп-тамыры менен өзгөртүү керек же болбосо аукциондук түрдө кылып коюу зарыл.

«Карап көрсөк, өткөн эки талапкер 4 миллион сомдон короткон. Экөө тең өзүнүн аймагында акча коротуу боюнча «чемпион» болушту. Ошондуктан кимде акча көп болсо, ошол өтөт болуп калды», — деди Бейшенбек.

Ал шайлоо – бул талапкерлердин программаларынын салгылашуусу экенин баса белгиледи. Бирок талапкерлердин имидж-роликтеринен, шаар ичиндеги баннерлеринен башка эчтеке көрө албаганын сынга алды.

Copyright © 2017 Maral FM