Биз менен байланышыңыз

Корпоративдик маданият — ар бир компаниянын маанилүү куралы

Кыска кабар , Пикирлер | 3 Фев 2022 | 621 | 0

Корпоративдик маданият бизнесте маанилүү. Аны ар бир кызматкер так аткарууга тийиш. Бул тууралуу «Design 2 Business» компаниясынын директору Гүлширин Султаналиева «Маралдын» эфиринде билдирди.

Корпоративдик маданият — бардык уюмдардын ийгиликтүү иштешинин маанилүү аспектиси. Аны көзөмөлсүз калтырууга болбойт, антпесе команда жагымсыз климатка туш болуп калуусу ыктымал.

Султаналиева белгилегендей, компаниянын корпоративдик маданиятын ар бир кызматкердин жүрүм-турумунан, сүйлөгөнүнөн, башкаларга кылган мамилесинен билип алса болот. Алсак, жаңы кызматкер жумушка орношкондон кийин ошол компаниянын корпоративдик маданиятын алгачкы күндөрдө эле билип, алардын баалулуктарына карата иштей башташы керек.

Эгерде компаниянын жетекчиси корпоративдик маданиятты системага киргизсе, иштеп жаткан жана жаңы келген кызматкерлер арасында жакшы мамиле түзүлүп, компаниянын ийгилиги да кыйла алдыга жылат.

«Корпоративдик маданиятты компаниянын жетекчиси деле өзү менеджерлер менен, же болбосо кызматкерлер менен так аныктап, эреже катары жазып койсо болот. Ошондой баары бир системага түшүп, бир тараптуу иштеп, компаниянын иши да алдыга жылат», — деди Султаналиева.

Copyright © 2017 Maral FM