Connect with us

Пандемия шартында кыргыз бизнеси кантип күн көрүүдө? Ишкер Темир Ажыкулов менен маек

Кыска кабар , Экономика | 19 Авг 2020 | 1570 | 0

Пандемия чынында экономиканын бардык тармактарына терс таасирин тийгизди. Өзгөчө орто жана кичи бизнес оор абалда калды. Шаарды аралай бассаңыз “ижарага берилет”, же “даяр бизнес сатылат” деген жарнамалар “жаандан кийинки козу карындай жайнаган”. Учурда алдын алуу иш-чаралары, реабилитация аракети жүрүп жатканын, бирок бул да болсо жетишсиз экендигин бизнесмен жана коомдук ишмер Темир Ажыкулов өз маегинде кеңири айтып берди. Ишкер маселелерди чечүү жолдорун да сунуштайт.

Пандемия шартында Кыргызстандагы бизнес чөйрө кандай абалда калды?

— Быйылкы жылдын февраль айынан баштап бизнести карантинге жапты. Азыркы күнгө чейин сиздер көрүп жаткандай чек аралар жабык, соода жана туризм такыр эле токтоп калды. Орто жана кичи бизнес биздин экономиканын негизин түзгөндөрдүн бири эле да.

Июнь айында менин кесиптештерим чакан жана орто бизнес өкүлдөрүнүн арасында социологиялык сурамжылоо жүргүзүштү, ага бир жарым миң ишкер, анын ичинде республиканын бардык аймактарынан келген ишкерлер катышты. Сурамжылоонун жыйынтыгында ишкерлердин 60 пайызы банкрот болушканын айтышкан. Калган 40 пайызы иш-аракеттерди форматташтыруу жана багытты өзгөртүү жөнүндө ойлонуп жатышканын, бирок үмүт жок экендигин билдиришкен.

Июль айында Кыргызстанда «экинчи толкун» болуп, ал араң турган бизнести андан ары алсыратты. Берилген суроого жооп берип жатып, мен бүгүнкү күндө бизнес иш жүзүндө жок болуп кетти деп айтат элем. Бул чакан жана орто бизнеске тиешелүү, ал эми ири ишканалар, ири бизнес аз да болсо кармалып турат.

Өкмөттүн бизнес өкүлдөрүнө жасаган мамилеси канчалык деңгээлде адекваттуу болду?

—Локдаунду бардык өлкөлөр, анын ичинде биз кабыл алганбыз. Эгерде биз карантин учурунда жакшы даярдык көргөн болсок, андан чыгып кетүү жана бизнестин кийинки иши таптакыр башка деңгээлде болмок. Өкмөттүн даярдыгы начар болгондуктан, биз дагы эле чет өлкөлүктөргө чек арабызды ача албай жатабыз. Учурда Түркия менен рейстер кайра жанданды, бирок ал да биздин жарандар үчүн эле экен. Түрктөр бизге учууну каалашпайт. Анда эмне үчүн бул төрт ай берилди эле? Эгер тийиштүү даярдык көрүлсө, биз кырдаалдан чыгып, жок дегенде Борбор Азиянын коңшу мамлекеттеринен туристтерди кабыл алмакпыз. Бирок биз антирекорддорду кылып жаткандыктан, эч ким бизге келгиси келбей жатат.

8 айдан бери бизнес жөн гана токтоп турат. Эң оор кырдаал Орто Азияда. КМШ өлкөлөрүнөн бизде экономиканын эң төмөн түшүүсү байкалды, анткени өлкөнүн ИДПсынын 40% бизнес, тейлөө жана кызмат көрсөтүү болуп саналат эле да.

Өкмөттүн жалпы аракетин кандай баалайсыз? Өкмөттүн кризиске каршы программалары жөнүндө бир аз айтып бере аласызбы? Ичинде эмне болуп жатат?

—Абдан жакшы суроо, анткени биз анын ичинде эмне болуп жатканын билбейбиз. Июнь айында биз бизнес чөйрөбүзгө арналган онлайн-конференция өткөрдүк. Бул конференцияда бизге бизнести калыбына келтирүү боюнча кризиске каршы чаралардын топтомдору сунушталды. Бирок биз кийин бул жеңилдетилген ставка менен насыяларды берүүчү туруктуу насыя экендигин билип капа болдук. Ал болгону кайсы тармактар ​​кризистен «чыгып кетиши керек» жана кайсы тармактар ​​артыкчылыктуу экенин талдоо экендиги таң калтырды.

Мындан тышкары, Кыргызстан пандемия менен күрөшүү үчүн эл аралык уюмдардан жана донорлордон 600 миллион доллар алган. Учурда Саламаттыкты сактоо министрлиги да, Улуттук банк да бул акчанын кайда кеткени боюнча маалымат бере алышпай чачтары агарып жаткан кези.

Сиздин оюңузча, инвестициялардын Кыргызстандан агып кетип жатканын себеби эмнеде?

—Менин оюмча, бул пандемияга байланыштуу. Мындан тышкары, акыркы бир нече жылда ишкердиктин шарттары жана инвестициялык климат начарлап кетти. Бул мыйзамдардын, жоболордун, министрлер кабинетинин ар дайым өзгөрүп турушуна байланыштуу. Биздин мамлекеттик органдар мамлекеттин ичинде өзүнчө бир мамлекеттерге айланып алган, алар өзүлөрүнүн ишинен тышкары эмне болуп жатканы менен иштери да жок.

Жөнөкөй жарандар президенттер жана премьер-министрлер алмашкандан кийин бардыгы болот деп ишенишет. Бирок ушул жылдар аралыгында эч нерсе өзгөргөн жок.

Бизнес жүргүзүү барган сайын татаалдашууда. Кантип жеке менчик бизнести кол тийгис кылабыз?..

—Биз ушинтип эле айтып келебиз. Ал эми мамлекеттик органдар бир беренени колдонушат, ал эми прокурор экинчи беренени колдонот. Ошентип, бирдей көз караш жок болгондуктан, бизнес кыйналып жатат.

Өкмөт чындыгында  калп эле бизнести өнүктүрүүгө шарт түзүп жаткандай элес калтырууда. Менимче, көптөгөн мамлекеттик институттарды жоюу керек. Коррупция системасын түп- тамырынан жок кылуу азыр артыкчылыктуу багыт болушу керек. Системадагы коррупцияга алып келген себептерди жоюу керек. Эгерде кайсы бир мамлекеттик органда коррупция аныкталса, анда бул мамлекеттик орган жоюлушу керек.

Балким бизде ишкердүүлүк жана бизнес жөнүндө маданиятыбыз өнүкпөй жатат? Башка мамлекетте ишкерлерге сый-урмат менен мамиле жасашат, бирок бизде андай эмес го?

—Маселе биздин ой жүгүртүүдө. Өлкөнү бизнес чөйрөсү гана көтөрө тургандыгын эске алыш керек. Өлкө кирешесинин булагы ишкердиктен алынган салыктар экендигин да түшүнүш керек. Маселен, региондорду өнүктүрүү керек деп айтканда, муну кантип ишке ашыруу керек деген суроо туулат. Региондорду өнүктүрүү үчүн жумуш, инновация, жаңы билим жана адамдар үчүн стимул алып келе тургандай кылып дал ошол аймактарга бизнести түзүш керек. Бизнестин да ушул көрүнүшүн биз жарандарга жеткире албай келебиз.

Биздин өлкөдө бизнес жана илим канчалык деңгээлде достукта?

—Тилекке каршы, бизнес менен илим достошпой жатат. Илим бар, бирок илим менен бизнести көрө турган нерсени түшүнүүдө өтө чоң ажырым бар. Жаш куракта да айырмачылыктар бар болчу. Илимдеги улуу муун бизнес ишиндеги жаштарды түшүнбөй жатат.

Эгер бийликке ээ болсоңуз, реформа үчүн кайсы үч кадамды жасайсыз?

—Мен алгач бизнес жаатында иш алып барган бардык мыйзамдарды жокко чыгармакмын. Анан, бизнести колдоо үчүн мыйзамдардын жазылышына 3 ай убакыт бермекмин.

Эркиндикке ээ болуу үчүн биз бизнести криминалдаштыруудан арылышыбыз керек. Бизнеске эч ким тийишпеши керек. Бардык талашып-тартышуулар көз карандысыз соттор тарабынан чечилиши керек.

Ушул реформалардын бардыгынын ишке ашуусуна коом ишене алабы?

—Ооба, “үмүтсүз шайтан” дейт эмеспи кыргызда.

Ийгиликтүү ишкерлердин саясатка киришиши канчалык деңгээлде туура?

— Саясатта, парламентте чечим кабыл алууга эрки, руху, көз карашы ж.б.у.с. сапаттары жогору, ар тармактагы инсандар болушу керек. Демек, саясатта ишкерлердин болушу туура деп ойлойм.

Copyright © 2017 Maral FM