Биз менен байланышыңыз

Караколдогу туркомпаниялар 20 миң долларга чейин инвестиция ала алышат

Кыска кабар | 23 Июн 2020 | 971 | 0

«Кыргыз Республикасында кышкы туризмди туруктуу өнүктүрүү» долбоору «Accelerate Prosperity» программасы менен биргеликте Караколдогу туристтик компанияларга COVID-19дун кесепеттерин жоюу үчүн 20 миң долларга чейинки инвестицияларды алууга конкурс жарыялады. Бул тууралуу уюштуруучулардын басма сөз кызматы билдирди.

Конкурска жылдык акча жүгүртүүсү кеминде 350 миң сомду түзгөн, бир жылдан ашуун иштеген же жок дегенде бир календардык жыл ишмердүүлүгүн жүргүзгөн чакан жана орто туруктуу туризм тармагындагы ишканалар катыша алат.

Тандалган компаниялардын өкүлдөрү ушул жылдын июль айында баштала турган Accelerate Prosperity программасына катышып, COVID-19дун кесепеттерин жоюу боюнча окушат.

Сегиз жуманын ичинде ишкерлер антикризистик башкаруу, кардарлардын көңүлүн буруу, бааларды сунуштоо боюнча интенсивдүү окутуудан өтүшөт.

Ошондой эле, туризм тармагындагы алдыңкы эксперттерден жеке консультацияларды алышат. Программанын ар бир катышуучусу өзүнүн бизнес долбоорун адис менен биргеликте иштеп чыгат. Адистер программанын жүрүшүндө ишкананын ишмердүүлүгүн калыбына келтирүү процессинде да катышышат.

Тренингдин аягында катышуучулар бизнес-пландарын инвестициялык комитетке жана потенциалдуу инвесторлорго көрсөтүшөт. Комитет 20 миң долларга чейинки инвестицияларды жана техникалык колдоо ала турган эң мыкты долбоорлорду тандап алат.

Демилге «Хельветас Кыргызстан» менен Accelerate Prosperity тарабынан биргеликте ишке ашырылып, Швейцария өкмөтү тарабынан каржыланат.

Кызыккан тараптар онлайн анкета толтурушу керек. Арыздарды берүүнүн акыркы мөөнөтү — ушул жылдын 15-июлу.

Copyright © 2017 Maral FM