Биз менен байланышыңыз

«Ала-Тоо» университетинде бизнес-инкубатор ачылды

Кыска кабар | 22 Апр 2021 | 917 | 0

Эл аралык «Ала-Тоо» университетинде бизнес-инкубатор ачылды. Ал студенттердин ойлоп табуусунан тартып, аны сатыкка коюуга чейинки долбоорлорун колдоо үчүн түзүлгөн.

Кыргызпатент тандап алган 11 университеттин бири болгон бул окуу жайдагы бизнес-инкубатордун расмий ачылышына аталган мекеменин өкүлдөрү, окуу жайдын жамааты жана студенттер катышты.

Бизнес-инкубатор ачуунун максаты маркетинг, өндүрүмдү көбөйтүү, соодалоо иштери, жарнама берүүдө инновациялык идеяларды жана технологияларды киргизген студенттердин долбоорлорун калыптандыруу жана өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү болуп саналат.

Ошондой эле иш-чаранын алкагында коноктор университеттин санарип лабораториялары «Digital Lab», «VR Lab», «Hackspace», «Alumnini Business Support» менен таанышты.

Copyright © 2017 Maral FM