Биз менен байланышыңыз

Билим министрлиги 23-августта кыргыз тили мугалимдерине республикалык кеңешме өткөрөт

Кыска кабар | 18 Авг 2021 | 1663 | 0

Билим берүү жана илим министрлиги «Ала-Тоо» эл аралык университети менен биргеликте 23-августта «Өлкөнүн өнүгүшүнүн жана өркүндөшүнүн өбөлгөсү – татыктуу тарбия жана сапаттуу билим берүү» аталышында кыргыз тили жана адабияты мугалимдери үчүн республикалык кеңешме өткөрөт. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Кеңешмеге Жогорку Кеңешинин депутаты Айнура Аскарова, Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Сыртбай Мусаев, Президенттин администрациясынын жарандык коом институттары менен өз ара аракеттенүү, дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча бөлүмүнүн эксперти Санжар Тажиматов, Билим берүү жана илим министринин орун басары Айгүл Абдраева катышып, сөз сүйлөшөт. Ошону менен катар республикабыздын бардык аймагынан келген мектепке чейинки билим берүү, жалпы орто билим берүү, башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүү уюмдарынын кыргыз тили жана адабияты мугалимдери катышышат.

Пленардык жыйында кыргыз тилин эне тили катары окутуунун өркүндөтүлгөн концепциясынын долбоору, кыргыз адабиятын окутуунун актуалдуу маселелери, көп тилде билим берүү, «Манас» эпосун окутуу, кыргыз тилинде китеп чыгаруу маселелери, «Улут» мобилдик тиркемеси жана анын мамлекеттик тилди өнүктүрүүдөгү ролу тууралуу баяндамалар болот.

Андан соң бир катар багыттарды камтыган 8 секцияда мугалимдер иш алып барып, тажрыйба бөлүшүү менен көйгөйлүү маселелерди талкуулашат.

Жыйынтыгында кеңешменин резолюциясы кабыл алынат.

Copyright © 2017 Maral FM