Биз менен байланышыңыз

Эл аралык «Ала-Тоо» университети — сизге дүйнөнүн эшигин ачып берет!

Блог | 21 Июл 2020 | 4739 | 0

Урматтуу Абитуриет, «Ала-Тоо» Эл аралык университетине кош келиңиз!!!

Биринчиден, Сизди мектепти ийгиликтүү аякташыңыз менен куттуктайбыз! Азыр Сиздин алдыңызда оор жана тагдырды чечүүчү тандоо турат:  «Ким болсом?», «Мага кайсы университет ылайыктуу?» «Тандоодо кантип адашпоо керек?»

Кыргызстанда жогорку окуу жайды тандоо мүмкүнчүлүгү өтө кеңири жана биз «Ала-Тоо» Эл аралык университети Сиздин бардык суроолоруңузга жооп берүүгө жана жардам берүүгө даярбыз!

Келечегиңиздин камын бизге тапшырыңыз – биз Сизге дүйнөнүн эшигин ачып берүүгө даярбыз!

Сиздин тандооңузда дүйнөлүк стандарттар боюнча эң заманбап кесипке ээ болуу мүмкүнчүлүгүн бере турган төрт факультет бар (окуу мөөнөтү – 4 жыл):

  1. Инженерия жана информатика факультети:
  • Информатика жана эсептөө техникасы;
  • Колдонмо математика жана информатика;
  • Сапатты башкаруу;
  • Электроника жана робототехника.
  1. Экономика жана башкаруу факультети:
  • Башкаруу (менеджмент);
  • Эл аралык мамилелер;
  • Каржы жана насыя (финансы жана кредит);
  • Эл аралык бизнес жана экономика;
  • Юриспруденция.
  1. Гуманитардык илимдер факультети:
  • Филология;
  • Лингвистика;
  • Психология;
  • Педагогика;
  • Журналистика.
  1. Медицина факультети:
  • Дарылоо иши;
  • Педиатрия.

«Ала-Тоо» Эл аралык университетинин бакалавр программасына тапшыруу Жалпы респуликалык тестирлөөнүн (ЖРТ) жыйынтыгы менен жүргүзүлөт (босого баллы – 110). Университеттин кирүү сынактары жок. Медицина факультетинде бакалавр даражасын алууну каалаган абитуриенттерден кошумча предметтер талап кылынат (химия жана биология сабактарынан минимум 60 балл). АЭУда окутуу келишимдик формада жүргүзүлөт. Окуу жайдын төлөмдөрү тууралуу маалыматты бул шилтеме аркылуу билсеңиз болот: http://www.alatoo.edu.kg/view/public/pages/page.xhtml?id=8673

Бирок студенттердин басымдуу көпчүлүгү жеңилдик менен окушат, себеби, окутуу үчүн 5% дан 100% га чейин каржылык колдоо көрсөтөбүз. Жеӊилдетүүнүн тизмеги менен бул жерден тааныша аласыз:

http://www.alatoo.edu.kg/view/public/pages/page.xhtml?id=69

 Университетке тапшыруу үчүн керектүү документтердин тизмеси:

1.    Паспорт (түп нуска (оригинал) + көчүрмө);

2.    ЖРТнын сертификаты (түп нуска (оригинал) + көчүрмө);

3.    Аттестат (түп нуска (оригинал) + көчүрмө);

4.    3х4 форматында 6 даана сүрөт;

5.    Аскердик күбөлүктүн же каттоо күбөлүгүнүн көчүрмөсү (эркек балдар үчүн);

6.    Окутуунун жалпы баасынын 30%дык баштапкы төлөмү.

«Ала-Тоо» Эл аралык университетинин англис тили боюнча тести (AIU EPT)Белгилүү болгондой, АЭУда окутуу англис тилинде жүргүзүлөт. Жалпы билим берүүчү сабактар мамлекеттик жана расмий тилдерде окутулат. 1-курста окуу үчүн абитуриент англис тилин Ортоңку деңгээлде (Intermediate) билүүсү зарыл. Бардык абитуриенттер университетке каттоодон өткөндөн кийин AIU EPT тестине катышат. Ал беш бөлүктөн турат:

1.    Лексика (Vocabulary);

2.    Грамматика (Grammar);

3.    Окуу (Reading);

4.    Угуу (Listening);

5.    Жазуу (Writing).

Белгилей кетүүчү жагдай, AIU EPT бул кирүү сынагы эмес. Бул сынак аркылуу биз абитуриенттердин англис тилин билүү деңгээлин аныктайбыз жана аларды деңгээлге жараша бөлөбүз.

TOEFL (IBT – 60 балл), IELTS (6.0 балл) сертификатынын түп нускасы (оригинал) бар абитуриенттер AIU EPT тестине катышпастан, автоматтык түрдө биринчи курска кабыл алынат.Абитуриенттерди кабыл алуу Кабыл алуу комиссиясынын күн тартибине ылайык, Бишкек шаары, Тунгуч кичирайону, Анкара көчөсү, 1/10 (Ч. Валиханов көчөсү менен кесилишет) дареги аркылуу жүргүзүлөт. Суроолорго жооп жана консультация алуу үчүн +996 (555) 820000 номерине кайрылсаңыздар болот (W/App).

Белгилүү бир себептерден улам университетте окууга жана күндүзгү окууга мүмкүнчүлүгү жоктор үчүн, Дистанттык билим берүү борбору алыскы аралыкта сапаттуу билим алуу мүмкүнчүлүгү бар беш программа сунуштайт (Окуу мөөнөтү – 5 жыл):

  1. Башкаруу (Менеджмент);
  2. Педагогика;
  3. Экономика (Финансы жана кредит) (Каржы жана насыя);
  4. Экономика (Бухгалтердик эсеп, анализ жана аудит);
  5. Экономика (Эл аралык бизнес жана экономика);

 «Ала-Тоо» Эл аралык университетинде 9-11-класстарынын базасында орто кесиптик билим берүү

Ошондой эле, «Ала-Тоо» Эл аралык университети 9 жана11- класстардын бүтүрүүчүлөрүнө Орто кесиптик билим берүү колледжинде (IT жана Бизнес колледжи) билим алуу мүмкүнчүлүгүн берет (окуу мөөнөтү – 3 жыл):

1.  Экономика жана бухгалтердик эсеп;

2.  Маркетинг;

3.  Автоматташтырылган система жана эсептөө техникасы боюнча программаны камсыздоо (ПОВТАС);

4.  Компьютердик система жана комплекстер;

5.  Компьютердик-графикалык дизайн;

6. Чет тили (чет тили мугалими).

Белгилей кетсек, ЖРТда босого баллына (110 балл) жетпей калган абитуриенттер биздин колледжде окуй алышат жана аны аяктагандан кийин бакалаврдын 2-курсуна өтүү мүмкүнчүлүгүнө ээ.

«Ала-Тоо» Эл аралык университетинин Орто кесиптик билим берүү колледжине (IT жана Бизнес колледжи) кабыл алуу математика жана англис тили боюнча сынактын негизинде жүргүзүлөт. 2020-жылы, Кыргызстандагы өзгөчө кырдаалдар шартында, биздин колледжге кирүү сынагы онлайн режиминде жеке кабыл алынат.

Экзаменге катталуу үчүн шилтемени басыңыз:

http://college.alatoo.edu.kg/view/public/pages/page.xhtml;jsessionid=vd6KFax9JiLEAB0lNL8ySIKMzcsUehwB1UyGoksD.unknown-host?id=8834

Көнүл буруңуз! Туура жана так маалыматты киргизүү зарыл (телефон номери жана электрондук почта), себеби, кошумча маалымат ушул реквизиттерге жиберилет.Сынактан ийгиликтүү өткөн абитуриенттер менен колледждин кызматкери байланышып, кийинки кадамдарды түшүндүрөт.Колледжде окутуу баасы жылына 1500$ды түзөт. Көпчүлүк программаларда атайын жеңилдетүүлөр бар. Кененирээк маалымат алуу үчүн +996 (555) 820000 номерине кайрылсаңыздар болот.2020-жылдын 1-июнунан баштап Орто кесиптик билим берүү колледжине (IT жана Бизнес колледжи) кабыл алуу башталды. Кабыл алуу комиссиясы абитуриенттерге жана алардын ата-энелерине кеңеш берүүнү жана кабыл алууну Бишкек шаары, Тунгуч кичирайону, Анкара көчөсү, 1/10 (Ч. Валиханов көчөсү менен кесилишет) дареги боюнча жүргүзүүдө.Суроолорго жооп жана консультация алуу үчүн +996 (555) 820000 номерине кайрылсаңыздар болот (W/App).

IT & Бизнес колледжине тапшыруу үчүн керектүү документтердин тизмеси:

  1. Туулгандыгы тууралуу күбөлүк / паспорт (түп нускасы (оригинал) жана көчүрмөсү);
  2. Жалпы негизги билим жөнүндө күбөлүк (9-класс үчүн) / Аттестат (11-класс үчүн);
  3.  Окутуунун жалпы баасынын 30%дык баштапкы төлөмү.

Кошумча суроолоруңуз болсо, бизге телефон аркылуу кайрылыңыздар болот:

Бакалавр: +996 (555) 820000

IT & Business College: +996 (551) 505477, +996 (703) 943440

 Эл аралык студенттер жана мугалимдер менен алмашуу программасы

«Ала-Тоо» Эл аралык университетинин Эл аралык кеңсеси – бул биздин университеттин «Визиттик карточкасы». Өзүнүн 10 жылдык тарыхында университеттин жүздөгөн студенттери жана окутуучулары ар кандай алмашуу программалары аркылуу дүйнөнү кыдырып чыгышты, анткени АЭУ дүйнөнүн 25 өлкөсүнүн 75 университети менен кызматташат!

Биздин кайсы мамлекеттерде өнөктөш университеттерибиз бар экендигин бул жерден билсеңиз болот:

http://www.iro.alatoo.edu.kg/view/public/pages/page.xhtml;jsessionid=uQ8hA_8-l569YKAAx9GdmcWionjpaAONxvdM96JU.unknown-host?id=8693

Ошондой эле, университеттин программалары, студенттердин жетишкендиктери, окутуучу курамы жана окуу пландары жөнүндө бардык маалыматтарды биздин www.alatoo.edu.kg сайтынан алсаңыздар болот.

Эми аягында,

«Ала-Тоо» Эл аралык университетинин Администрациясынын атынан урматтуу абитуриенттерге ийгилик, эргүү жана бакыт каалайбыз! Сиздердин тандооңуз ийгиликтүү болуп, кесиптик жашоодо өз ордуңузду табууңузга тилектешпиз! «Ала-Тоо» Эл аралык университетинде жолугушканга чейин!

Терең урматтоо менен, «Ала-Тоо» Эл аралык университети.

Copyright © 2017 Maral FM