Биз менен байланышыңыз

Жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо белгисиз мөөнөткө жылдырылды

Кыска кабар | 31 Мар 2020 | 977 | 0

Кыргызстанда Жалпы республикалык тестирлөөнүн убактысы жылдырылат. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында билим берүү министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди.

Маалыматка ылайык, учурда коронавируска байланышкан кырдаалдан улам тестирлөөгө каттоо токтотулган.

«Кырдаал жөнгө салынгандан кийин окуучуларды каттоо башталат«,- деди  Жусупбекова.

Эскерте кетсек, быйыл Кыргызстанда жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо 26-февралда башталып, 3-апрелде аяктамак. Ал эми тестирлөөнүн өзү 15-20-май аралыгында болуп өтмөк. Жалпы республикалык тестирлөөнү жогорку окуу жайына тапшыра турган абитуриенттер тапшырат. Абитуриенттер негизги тесттен тышкары, өздөрү тандаган багыт  – химия, биология, математика, физика, тарых жана англис тили, кыргыз тили жана адабияты, орус тили жана адабияты боюнча боюнча кошумча предметтик тесттерди тапшырышат.

Өткөн жылы жалпы республикалык тестирлөөгө өлкө боюнча 41 286 абитуриент катталып, өлкө боюнча 114 тест борбору уюштурулган.

Кыргызстанда жалпы республикалык тестирлөө 2002-жылы киргизилген.

Copyright © 2017 Maral FM