Биз менен байланышыңыз

Мугалим Орхан Инандынын дайынсыз жоголуусу коомчулукту дүрбөттү

Коом | 1 Июн 2021 | 1402 | 0

«Сапат» билим берүү мекемесинин негиздөөчүсү жана президенти Орхан Инандыны 31-майдан 1-июнга караган түнү белгисиз адамдар уурдап кеткен. Жакындары анын дайынсыз болуп жатканы тууралуу Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнө арыз жазышкан. Учурда тажрыйбалуу тергөөчүлөрдөн жана ыкчам кызматкерлерден турган топ түзүлүп, Ички иштер министрлигинин аймактык бөлүмдөрүнө көрсөтмөлөр жөнөтүлүп, жоголгон адамды табуу үчүн мамлекеттик деңгээлде издөө иштери жүрүп жатат. Орхан Инандынын жактоочусу: «Аны Бишкекте кармап жатышы мүмкүн», — деген божомолун айтат. Темага алдыда кененирээк токтолобуз.

«Сапат» билим берүү мекемесинин негиздөөчүсү жана президенти Орхан Инанды 31-майдан 1-июнга караган түнү дайынсыз жоголгон. Кечээ кечки саат алты чамасында ал өзүнүн Lexus GX-470 унаасы менен үйүнөн чыгып кеткен, ал эми 1-июнь күнү таңкы саат төрттөрдө Малдыбаев көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн жанынан унаасы табылган. Учурда милиция кызматкерлери издөө иштерин жүргүзүп жатат.

Президент Садыр Жапаров да дайынсыз жоголгон кыргыз жараны Орхан Инандыны издөө боюнча Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине жана ИИМге тапшырма берди.

Ал ортодо «Сапат» билим берүү мекемесинин өкүлдөрү Орхан Инандынын дайынсыз болуп жатканы боюнча тынчсызданууларын билдирип, маалымат жыйын өткөрүштү. Аталган билим берүү мекемесинин вице-президенти Раина Аскеева мекеменин негизги максаты сапаттуу билим берүү экенин жана саясаттан алыстыгын белгиледи. Ошондой эле ал Орхан Инандынын билим берүү тармагына кошкон салымын айтып өттү.

Анын айтымында, 1996-жылдан бери бул билим берүү мекемесин 15 миңден ашуун бүтүрүүчү аяктаган. Учурда 10 миңге жакын окуучу билим алып жатат.

«Биз билим берүү мекемесибиз, биз жалпы саясаттан алыспыз. Биздин негизги кызыкчылыгыбыз — сапатуу билим берүү. Биз: «Балдарыбыздын келечеги кең, турмуштан тапкан орду татыктуу, туруктуу, жемиштүү болсун», — деп аракет кылып келе жатабыз. 1992-жылы эгемендүү Кыргызстанга биринчилерден болуп Түркия билим берүү тармагында кол сунган. Бирдиктүү кызматташуу билим берүү системасы аркылуу башталган. Алгачкылардан болуп билим берүү лицейлери уюшулган. 1992-жылы Ош, Каракол жана Бишкек шаарларында алгачкы лицейлерибиз ачылган. Бүгүн «Сапат» билим берүү мекемесинин курамында 16 лицей, 1 университет, 1 эл аралык мектеп, 3 толук эмес жалпы билим берүү мектеби иштеп жатат. Алардын жаңы окутуу технологиялары менен жабдылышына, педагогдордун кесиптик чеберчилигинин, чыгармачылыгынын өсүшүнө шарт түзүп келе жатат. Кайталап кетейин, биз саясаттан алыспыз. Кыргызстандын белгилүү педагогу, академик, ыраматылык Исак Бекбоев бир топ жыл мурда айтты эле: «Орхан Инандынын төбөсү жалпы кыргыз элине көрүнүп калды», — деп. Ошондуктан бул адамга жөн жерден кол салынды дегенге ишене албайм. Саясий жактан мен үчүн түшүнүксүз иштер болдубу, аны да тактап айта албайм. Эң өкүнүчтүүсү, бул адамды себепсиз жоготуп, өзүн көрбөй отуруп калганыбыз, биз үчүн оор окуя болуп жатат». 

Илимпоз, окумуштуу, кыргыздын балдары үчүн күйгөн адамдын бүгүн белгисиз себептерден улам жок болуп жатканына кейип жатам. Мындай пикирин тарых илимдеринин доктору, профессор Асан Ормушев билдирди. Ал Орхан Инанды менен биргеликте эки китеп жазганын айтып, анын саясаттан алыс болуп, дайыма жаштарды билимге үндөп келгенин белгиледи.

«Орхан Инанды менен биргеликте эки китеп чыгардык. Анын биринчисинде азыркы «Сапаттын» 15 жылдык тарыхы чагылдырылган. Кийин Бишкекте эң биринчи ачылган үч мектептин бирине ыраматылык, улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун аты коюларда, Орхан мырза менен абдан көп кеңештик. «Чыңгыз Айтматов өзүнүн ысымын береби, бербейби?» — деп, ошого абдан көп аракеттерди жасаган. Мына ошонун негизинде Чыңгыз Айтматов өзү келип, батасын берип: » Кыргызстанда ушундай мектептин ачылып калышына ушунчалык зор кубанычта турам», — дегени күнү бүгүнкүдөй эсимде турат».

Маалымат жыйында «Сапат» билим берүү мекемесинин президенти Орхан Инандыны уурдап кетишип, Бишкектин бир жеринде кармап жатышат деген божомол бар экенин анын жактоочусу Зоотбек Кудайбергенов билдирди.

Адвокаттын айтымында, унаа кафенин жанынан табылган. Машина ачык болгону менен ичиндеги баалуу буюмдар уурдалган эмес.

«Бул Кыргызстан үчүн чоң окуя болду десек болот. Кандай деңгээлдеги инсан экени айтылып жатат. Менин оюмча, ошондой инсанды бүгүн күч колдонуп кармап турушат. Тастыктала элек маалымат боюнча бул кишини азыр Бишкектин бир жеринде тирүү кармап турушат».

Мекеменин башчысынын орун басары Амир Султанмуратов журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, акыркы 7-8 жылдан бери Түркиядагы саясий кырдаалга байланыштуу «Сапатта» иштеген кызматкерлер саясий куугунтукка кабылып, Түркияга бара албай жатканын айтты.

Орхан Инанды 1968-жылы Түркияда Кахраманмараш шаарынын Андырын районунда туулган. Анкарадагы жогорку окуу жайлардын биринде тарых адистиги боюнча билим алган. Кыргызстанга келгенге чейин Анкара, Трабзон шаарларында мугалим, мектеп директору болуп иштеген.

Орхан Инанды Кыргызстанда 1995-жылдан бери эмгектенет. 2001-жылдан бери «Сапат» эл аралык билим берүү мекемесинин президенти. Кыргыз Республикасынын билим берүү системасына кошкон салымы үчүн 2002-жылы «Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн отличниги» төш белгиси, Кыргыз Республикасынын Ардак Грамотасы жана 2003-жылы «Даңк» медалы менен сыйланган.

Белгилей кетсек, Орхан Инанды Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналат. Учурда 53 жашта. Эки кыз, эки уулдун атасы.

Copyright © 2017 Maral FM