Биз менен байланышыңыз

Коронавирустан 2 бейтап каза болуп, дагы 58 адамдан аныкталды

Кыска кабар | 20 Сен 2021 | 593 | 0

Кыргызстанда 20-сентябрга карата коронавирус дагы 58 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Аймактар боюнча алганда, коронавирус Бишкек шаарында – 36, Чүй облусунда –6, Нарын облусунда – 1, Талас облусунда — 1, Ысык-Көл облусунда – 9, Жалал-Абад облусунда – 5 адамдан табылган.

Ал эми бир суткада 72 адам илдеттен сакайып чыккан.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен өлкө боюнча 2 бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 591 бейтап, амбулатордук түрдө 868 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 177 миң 780 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 172 миң 261 киши айыгып чыкса, 2 миң 590 адам каза болду.

Copyright © 2017 Maral FM