Биз менен байланышыңыз

Акыркы суткада коронавирустан сегиз бейтап каза болду

Кыска кабар | 27 мая 2021 | 532 | 0

Кыргызстанда 27-майга карата коронавирус дагы 376 адамдан аныкталды. Бишкекте – 238, Ош шаарында – 17, Чүй облусунда – 66, Ош облусунда – 14, Талас облусунда – 4, Нарын облусунда – 5, Ысык-Көл облусунда – 21, Жалал-Абад облусунда – 9, Баткен облусу – 2 адамдан илдет табылган. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.

Ошол эле учурда бир сутка ичинде 386 адам коронавирустан айыгып чыккан.

Мындан сырткары сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында – 3, Чүй облусунда – 3, Ысык-Көл облусунда – 1, Нарын облусунда – 1 бейтап каза болду.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 1 миң 614 бейтап, амбулатордук түрдө 2 миң 11 адам дарыланууда. Алардын ичинен 1108 бейтаптын абалы орто оордукта, 404 адамдын абалы оор жана 84 бейтап өтө оор абалда жатат.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 14 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Пандемия башталгандан бери 4 миң 632 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 553 медкызматкер айыккан.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 103 миң 583 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 97 миң 151 киши айыгып чыкса, 1 миң 781 адам каза болду.

Copyright © 2017 Maral FM