Биз менен байланышыңыз

Ала Тоо Эл аралык университети Эрасмус+ долбоорунун өнөктөшү болду

Кыска кабар | 12 Янв 2019 | 781 | 0

Казахстан, Кыргызстан, Таджикистан, Түркмөнстан жана Өзбекстандагы 15 окуу жайда жана Болгария, Италия, Португалия жана Люксембугдагы 4 европалык окуу жайда билим берүүнү заманбапташтыруу боюнча долбоорго Брюссель кол койгон.

Бул долбоорго Кыргызстандан И.Раззаков атындагы Кыргыз Мамлекеттик Техникалык Университети, К.Тыныстанов атындагы Ыссык-Көл Мамлекеттик Университети, Улуттар аралык Ала-Тоо Университети, жана ошондой эле Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлиги катышууда.

Долбоордун демилгечиси жана координатору болуп Болгариянын Русе шаарындагы окуу жай эсептелет. Бул окуу жайдын ушул сыйяктуу масштабдуу добоорлорду жетектөөдө 20 жылдык тажрыйбасы бар.

Долбоордун негизги максаты – Борбордук Азиядагы билим берүү системасын жаңы текхнологиялар аркылуу заманбапташтыруу.

Өзүнүн дигиталдуу муунга ИКТ-базалуу жаңычыл билим берүү технологияларын активдүү пайдалануу жөнүндөгү билим берүү системасын адаптациялаштыруучу концепциясын, ошондой эле билим берүүнүн дигиталдуу өзгөрүүсү үчүн Улуттук программанын долбоорун Русендик окуу жай өзүнүн өнөктөштөрү менен бөлүшөт.

Русендик окуу жайдын инновациялык технологиялар боюнча билим берүүнүн колдонмосу долбоордун максатына адаптациялаштырылып, орус жана англис тилдерине которулат. Бул колдонмонун интерактивдүү мултимедиялык варианты интернет булактарына жүктөлөт жана бардык кызыккандар үчүн жеткиликтүү болот.

Ар бир окуу жайда Русендик модел боюнча инновациялык билим берүү технологиялар борбору ачылат- http://ciot.uni-ruse.bg/. Келечектин окуутуучу залы да Русендик үлгү менен ачылмакчы.

Бул келишимге кол коюу менен Брюссель дагы бир жолу билим берүүнүн дигиталдуу өзгөрүүсү Европалык коммиссия үчүн алгачкылык экенин далилдеди. Мындан сырткары, дигиталдуу еврокомисар Мария Габриел билим берүүнүн дигиталдуу өзгөрүүсүн бир нече ирет өзүнүн сөздөрүндө жана берген интервьюларында белгилеп кеткен.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM