Биз менен байланышыңыз

Бейшеналиев: Пакистандык студенттердин окуусундагы маселе чечилди

Кыска кабар | 20 Фев 2021 | 1376 | 0

Билим берүү жана илим министри Алмаз Бейшеналиев Кыргызстандагы медициналык окуу жайлардын айланасындагы чет өлкөдөн келип окууга байланышкан маселе чечилгенин жарыялады. Анда ал Пакистанга болгон иш сапарынын алкагында бир катар маселелер боюнча сүйлөшүү жүргөнүн айтты.

Кыргызстандагы медициналык окуу жайлар Пакистан медициналык комиссиясынын А, В жана С тизмелеринде орун алып, аларды бүтүргөн Пакистандын жарандары Медициналык комиссиянын сынактарына тоскоолдуксуз кире турган болушту. Тизмелердин түшүндүрмөсү: A — эл аралык, көз карандысыз аккредитациядан өткөн окуу жайлар, B — көз карандысыз аккредитациядан өткөн, бирок эл аралык аккредитациядан өтө элек окуу жайлар. C — аккредитациядан өтө элек окуу жайлар.

Ал эми жаңы ачылган медициналык окуу жайлар өзүнчө тизмеге киргизилет. Жогорудагы тизмеделердеги медициналык окуу жайлардын баарына Пакистандын жарандары эч кандай тоскоолдуксуз тапшыра алышат.

Андан тышкары Кыргыз-Пакистан илимий фондун түзүү, ЖОЖдордун алкагында кызматташууну жандантуу боюнча макулдашылганы айтылат. Ошондой эле Кыргызстан Пакистанга онлайн билим берүү боюнча өз тажрыйбасын бөлүшө турган болду.

Copyright © 2017 Maral FM