Биз менен байланышыңыз

Ысык-Көлдө «Билим кербени-3» иш-чарасы өтөт

Кыска кабар | 23 Мар 2021 | 625 | 0

Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Педагогдордун квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институту 23-марттан 25-мартка чейин Ысык-Көл облусунун Түп районунда «Билим кербени-3» иш-чарасын өткөрөт.

Маалыматка ылайык, иш-чара «Компетенттүүлүккө негизделген таалим-тарбия» деп аталып, анын алкагында алгач тарбия жаатында акыркы кезде жасалып жаткан иштер, тарбия концепциясынын багыттары тууралуу сөз болот. Ошондой эле мектеп директорлорунун жана орун басарларынын, мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу каралып, кыскартылган жана жеңилдетилген иш кагаздар, календардык-тематикалык планды түзүү, сабактын максаттарын коюу сыяктуу маселелер талкууланат.

Иш-чаранын экинчи бөлүгүндө кыргыз тили жана адабияты, математика, технология, музыка жана информатика предметтери боюнча квалификацияны жогорулатуу курстары өтөт. Аны институттун кызматкерлери жүргүзүп, бүтпөй калган сабактар Бишкекке келгенден кийин андан ары онлайн форматта улантылат. Катышуучуларга окутуудан өткөнү тууралуу тастыктама тапшырылат.

Белгилей кетсек, «Билим кербени» долбоору 2018-жылы башталган.

Copyright © 2017 Maral FM