Connect with us

Көмүрдү сыртка чыгарууга чектөө киргизилди

Кыска кабар | 22 Ноя 2024 | 193 | 0

Министрлер кабинети көмүрдү экспорттоого убактылуу чектөө киргизди.

Кыргызстандан көмүрдү ЕАЭБдин бажы аймагынан тышкары автоунаа менен алып чыгууга тыюу салынды. Ал алты айлык мөөнөткө киргизилет.

«Эркечтам — автожол» жана «Торугарт — автожол» автоунаа өткөрүү пункттары үчүн өзгөчөлүк бар. Аталган өткөрүү пункттары аркылуу автоунаа менен көмүр ташып чыгууда чектөө «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасына тиешелүү эмес-деп жазылган документте.

Чектөө ЕАЭБ HS 2701 жана 2702 коддору боюнча классификацияланган көмүргө тиешелүү болот.

Токтомго министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров кол койду.Токтом расмий жарыялангандан 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM