Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги, “Кыргызаэронавигация” мамлекеттик ишканасы «Air KG» авиакомпаниясынын учкучтары менен биргеликте Бишкек — Кашкар багытында тесттик учуу өткөрүштү.
Аталаган агентиктен маалымдашкандай, бул каттам Кытай менен экинчи эл аралык аба коридорун ачуу пландалып жаткан бөлүгүндө навигациялык каражаттардын камтылышын текшерүү максатында ишке ашырылды.
Белгилей кетсек, Кыргызстандын авиациялык кызматтары Кытайдын Кашкар багытында экинчи эл аралык аба коридорун ачуунун үстүндө иштеп жатат.