Биз менен байланышыңыз

Каныбек Исаков: Инклюзивдүү билим берүүгө өзгөчө көңүл бурулат

Кыска кабар | 6 Дек 2019 | 627 | 0

Билим берүү министрлигинде Каныбек Исаков менен «Жаңырык» тармагынын өкүлдөрү кечээ, 5-декабрда жолугушту. Тармак мүмкүнчүлүгү чектелүү жарандар боюнча иш алып барган 39 бейөкмөт уюмду өзүнө камтыйт. Иш чарада 2019-2023-жылдарга өкмөт тарабынан кабыл алынган инклюзивдик билим берүүнүн концепциясын жана программасын ишке ашыруу талкууланды. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Мындан сырткары, мүмкүнчүлүгү чектелүү балдар менен иштей турган адистердин логопед, атайын педагогдордун даярдыгы, башталгыч билим берүүдөгү мугалимдердин кесипкөйлүгүн көтөрүү жөнүндө сөз болду.

«Жаңырык» өкүлдөрү Билим берүү министрлигинин алдында Инклюзивдик билим берүү боюнча координациялык кеңеш түзүүнү сунушташып, мүмкүнчүлүгү чектелүү балдар үчүн атайын окуу программасын түзүүгө жардам бере алышарын билдиришти.

Министр тармак өкүлдөрүнө атайын окуудан өткөн мугалимдерди мамлекеттик-жеке өнөктөштүк негизинде жумушка орноштурунуу сунуштап, орто, жогорку окуу жайларда мүмкүнчүлүгү чектелүү жарандар үчүн жеткиликтүү шарттарды түзүүгө көңүл буруп, инклюзивдүү билим берүүнү өркүндөтүү боюнча конкреттүү иш чаралардын планын түзүүнү тапшырды.

Copyright © 2017 Maral FM