Биз менен байланышыңыз

Мектепте медбөлмөнүн жоктугу билим берүүдө көйгөй жаратат

Ден соолук , Кыска кабар | 19 Мар 2021 | 8346 | 0

Шаардагы мектептердин айрымдарында гана медициналык бөлмө бар болсо, айыл жериндеги мектептердин дээрлик баарында мындай шарт жок. Учурда Билим берүү жана илим минстрлиги өлкөдөгү мектептерге медициналык бөлмөлөрдү ачууну пландаштырууда. 

Шаар тургуну Гүлбарчын Өмүрбекова 3 баланын энеси. Ал мектеп окуучуларына медициналык бөлмө абдан керек экендигин айтат. Айрыкча пандемия учурунда мектепте окуган балдарынын ден соолугуна сарсанаа болорун билдирет.

«Албетте, медициналык бөлмө керек, анткени мектепте ар кандай жагдай болуп калышы мүмкүн. Бир жолу кызым жыгылып, мен жумуштан келгиче, бир топ убакыт өтүп кеткен. Ошондуктан биринчи жардам көрсөтө турган медайымдар сөзсүз керек». 

Өлкөнүн бардык мектептеринде медициналык кызматкер жоктугу дайым дарыгердин көзөмөлүндө болуусу керек болгон оорулуу балдардын билим алуусуна көйгөй жаратат. Ошондуктан Билим берүү жана илим министрлиги инклюзивдик билим берүүнү өнүктүрүүнүн концепциясын жана программасын иштеп чыгууда бул маселеге көбүрөөк басым жасоодо. Бул тууралуу министрликтин жетектөөчү адиси Салтанат Мамбетова билдирди. Анын айтымында, медпункттар болгондо, ден соолугу начар балдардын да башка окуучулардай эле мектепке барып билим алуусуна шарт түзүлмөк.

«Мисалы, кант диабети, талма менен ооруган балдар бар. Аларды карай турган бөлмө жана медициналык кызматкерлер бар болсо, оорулуу балдарын мектептен билим алуусуна шарт түзүлөт. Алар кадимки класста бардык окуучулар менен бирдей окуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Башкача айтканда, медициналык бөлмөнүн ачылышы жана мектептин курамына медайымдын кириши оорулуу балдардын билим алуусуна кыйла жардамын тийгизет. Медициналык бөлмөлөр өлкөнүн 50% мектептеринде 2022-жылы ачылары пландаштырылууда, ал эми калган 50% мектептерде 2023-жылы ачылат».

Дарыгер Гүлнара Жумагулова өлкө боюнча 2246 мектеп бар болсо, анын 450сүндө, тагыраагы, 20%ында гана медициналык бөлмө ачылганын маалымдады. Ошондой эле ал бул жагдайдан улам мектептердин дээрлик көпчүлүгүндө балдардын ден соолугу каралбасын, андыктан мындай бөлмөлөр мектептерге сөзсүз керектигин белгилейт. Ошол эле учурда окуучулар бир жылда бир жолу профилактикалык текшерүүдөн өтүп, дайым медициналык көзөмолдө болуп туруусу абзел.

«Окуучулар бир жылда бир жолу профилактикалык текшерүүдөн өтүп турушу зарыл. Азыркы учурда балдардын 30%ы өнөкөт оорудан жабыркайт. Ошол ооруларды күчөтүп салбастан, көңүл буруу керек. Ар бир мектепте сөзсүз түрдө медициналык бөлмө жана медайым болууга тийиш». 

2022-2023-окуу жылында ар бир мектепке бардык шарты түзүлгөн медициналык бөлмө ачып, мектеп жамаатынын курамына медайымды да милдеттүү киргизүү мерчемделүүдө. Ошол эле учурда медбөлмөнү жабдып берүүгө 386 миллион сомдой кошумча каражат талап кылынат. Ошондой эле мектеп штатындагы медайымдардын эмгек акысы үчүн бюджеттен 232 миллион сом каралат.

Copyright © 2017 Maral FM