Биз менен байланышыңыз

XXI кылымдын агартуучусу, реформатор, палбан эле… (АГАЙды замандаштары эскерет)

Билим-маданият , Блог | 12 Ноя 2020 | 3550 | 0

Кыргызстандын билим берүү тармагынын көрүнүктүү адамдарынын бири, профессор Каныбек Исаков агай бүгүн 12-ноябрда мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Бул кабар Каныбек агайдын жакындарынын гана эмес, замандаштарынын да кабыргасын кайыштырып турат. Биз Каныбек Исаковдун «Марал» радиосуна буга чейин берген маектерин жана ал тууралуу анын окуучуларынын, шакирттеринин, замандаштарынын айткандарын бир жерге топтодук. (Эскертүү: Эскерүүлөрдүн айрымдары Каныбек агай билим берүү министри кызматынан кеткен соң жазылгандар, айрымдары ал ОШМУнун ректору болуп турганда жазылган эскерүүлөр)

Султан Раев, драматург, жазуучу:

Караңгыга шам… Көкүрөккө нур… Жүрөккө жарык… таңсык болуп турган акыр-чикир заманда, ак менен карасы машташып, заман коңултак тартып турганда… Мээбизге чагылган сайылгандай болду… Жалган дүйнөнүн мындан өтөр Жалганы жок болсо керек… Каныбек Исаков… Оор жоготуу. Бул жоготуунун орду толгус, мындай адамды таппайбыз. Бүткүл табияты, адамдык жүрөгү менен билимге, агартууга башын сайып койгон XXI кылымдын Агартуучусу, билим реформатору, адамдык ыймандын Архитектору эле. Билимдин борбору жок, бирок билим каерде күчтүү болсо ошол жер Билимдин Борбору, Ордосу деген айныксыз Чындыкты далилдей алды эле. Адам бу дүйнөдө Өзүнүн Чындыгын Улуттук чындыкка айланта алыш керек…

Ал — Каныбек Исаков.

Чындыктын Түбөлүктүүлүгү болуп узак сапар жол алды… Ал жол ар бирибиздин жүрөгүбүз аркылуу өтөт…

Каныбек Исаков…

* * *

Бердибек Жамгырчиев, акын:

Алп өттү дешти жаңы эле,

Азыркы муунга шам эле.

Бийикти көздөп бүркүттөй,

Билимден бүткөн жан эле!

 

Кайгыда турат журт эми,

Кадырлап, барктап сүйчү эли.

Зар-муңга салып кетти алыс,

Замандын асыл Дүйшөнү!

***

Түмөнбай Колдошев, ырчы, обончу:

Агай, сиз: «Менин колумдан жамандык келбейт, ким эмне кылса өзүнө кайтат. Ар ким өзүнүн тагдырын өзү кыйратат же көгөртөт. Адам пейилинен табат» — дейт элеңиз. Чын эле, ошондой. Кең пейилдик менен иштедиңиз. Бирөөгө жаман айтпай, көңүлдү карадыңыз. Татыктуу иштедиңиз. Ошол себептен көп мугалимдер, жарандарыбыз ойлорун жазып жатышат. Али аягы сууй элек. Көпчүлүгү билгенин, тааныганын, көргөнүн жазууда. Элдин алдында жасаган иштериңизди айта аласыз. Көп жыл министр болуп, эч иш жасабай кеткенден көрө, аз иштеп, кыйын кырдаалдан жол таап чыгып кеттиңиз. Бүгүнкү жасалган жумуштар, пандемия мезгилиндеги кырдаал өтө актуалдуу.

***

Агай, (Каныбек Исаковду биз шакирттери Агай деп кыскача айтабыз) бизге көп нерсени үйрөттү. Колубуз менен жасатып тарбиялады. Дайым идиреги бар, жөндөмдүүлөргө жол көрсөтүп, жанына тартып, туура сөзүн айтат. «Ушул дагы кыргыздын бир баласы» деген сөзү бар. Бир жолу ОшМУда «Биз эл менен иштеше билген, дилгир балдарга шанс берели. Иштеп көрсүн, эл менен тил табышып кетсе жакшы. Иштей албаса, анда айыпты өзүнөн издесин»- деди. Көп жолу адаштым, азыр өкүнөм. Албетте, тажрыйба көп каталар менен топтолот экен. Ал көп убакытты талап кылат!» (14-октябрь, 2020-жыл)

***

Айшат Чороева Каныбек Исаков тууралуу:

Өкмөт алмашса да, өз ордунда иштей берчү министрликтер бар! Жаштардын саяпкери, насаатчысы, көрөгөч жетекчи, мыкты уюштуруучу, креативдүү педагог, окумуштуу Каныбек Исаков. (12-октябрь, 2020-жылы жазылган)

***

Дүйшөн Шаматов, педагог, досу:

Кош бол досум……

—————-50 жашка чыкканында жазган элем——

Каныбек Абдуваситович, Каныбек агай, Каныбек досум — бүгүн өзгөчө дата экен! Мен жаныңда болгондо колуңду бекем кармап, жүрөктөн чыккан каалоолорумду айтып, сенин сүйүнгөнүңдү көрүп, мен да сүйүнмөк экенмин. Алыста болуп калгандын ушул жагы бар!

Кантсе да алыстан болсо да куттуктоолорумду жөнөтүп, эң жакшы нерселерди, анан негизгиси чың ден соолук каалап кетейин. Менимче, ар тараптан тааныгандар сенин ар түрдүү талантың, адамгерчилигиң, илимпоздугуң, мыкты жетекчи лидерлигиң жөнүндө жакшы пикирлерди аянбай айтып жатышат.

Ал эми мен болсо ошол студент учурдан баштап дос болуп, чогуу окуп, турмуштун оор кыйынчылыгы менен кошо жаштык учурубузду бирге өткөргөнүбүздү айтам! Мыкты дос жана мыкты инсан экениңди айтам! Ушунуңдан жазбай дагы көптөгөн ийгиликтерди жарата бер, себеби сенин жетишкендиктериң дайыма башкаларга кызмат кылат! Бар бол, ЭЛДИН УУЛУ!

***

Жанар Акаев, депутат, студенти:

Кап, аттиң! Абдан мээнеткеч, реформатор, дили ак, агартуу тармагына жакшы салым кошкон инсан эле. Баарыбыз АГАЙ дечүбүз. ОшМУдан далай таланттарды, мамлекетчил жаштарды өстүрүп чыгарды. Ооруканада да көп жатпады, шашып кете берди.

***

Аида Касымалиева, депутат:

Каныбек агай боюнча ишенүү кыйын! Алдыда дагы көп пландары бар эле. Кыргыз элине керек болчу!

***

Улукбек Омокеев, акын, студенти:

Бүгүн дем алыш. Каныбек агай тууралуу ойлондум. Жөн эле ойлондум. Бүгүн туулган күнү да эмес, эч бир себеп жок. Максат да жок. (Ар нерсеге жоруй бербегиле) Бирок эстегим келди. Ректор убагында кээде дем алыш күндөрү кабинетине чакырып (дем алыш күндөрү ишке келип, кагаздарын карачу), «бош болсоңор тоого чыгып келели» деп айтар эле. Түштөн кийин күн оогондо (болжолдуу ушул убактарда) адырларга чыгып, басат элек. «Он адырдын үстү жагындагы түздүктөн ОшМУга 50 га жер алып, окуу жайды ушул жакка көчүрүп келсек, бул жер шаар болуп калмак», – деп айтканы эсимде.

Азыр жакшы бир кыялдарды, максаттарды ой элегинен өткөрүп жаткан болуу керек. Агай кыялдарын айтчу. Кийин анын ишке ашканын көрүп таң калар элем.

Бүгүн ал министр болбой калганына кайгырган жок болсо керек. Анткени аны министрликке үч жолу чакыртышкан. Үчүнчүсүндө макулдугун бериптир. Ал азыр кайгырса, улут, мекен, илим-билим, жаштар тууралуу кайгырып жаткан чыгар. (ред. 1-ноябрь, 2020-жылы жазылган)

***

Нургазы Мусаев журналист, Каныбек агайдын студенттик жылдары тууралуу:

Азыркы ОшМУ ректору, филология илимдеринин доктору, профессор Каныбек Исаков анда 5-курстун студенти. Бек Борбиев «Делбиримин» делбиретип, «Түн чүрөгүн» муңкантып, миңдеген жаштардын сүймөнчүлүгү болуп турган кез. «Түн чүрөгүнүн» автору Гүлзар Абдымиталипова анда асманда жашаган кыялкеч кыз эле. Абдымитал Мурзакметов кичирейтип койгон чалдай болуп, ошондо эле факультетте агай катары кабыл алынып калган. 5-курстун «башкы звездалары» ушулар экен.

Каныбек аке — факультеттин студенттер кошуунунун төрагасы. Анда Ошто «базарскийлер» дегендер чыгып, шаардын эң чоң проблемасына айланган. Алар кечке базарга келгендерди тоноп, коркутуп, урганын уруп, анан кечинде окуу жайлардын жатаканаларына келип ызы-чуу салышчу. Алардын лидери Алиш деген неме Ошто Оштун мэриндей эле авторитет болчу. «Базарскийлер» көп «концерт» коюшту: балдарды сабап коюп жаткан, кыздарды зордуктап коюп жаткан, тоноп жаткан… иши кылып башкасы бир тең, ошолордун көйгөйү бир тең. Ректорлор деңгээлине чейин маселе көтөрүлүп, «базарскийлер» маселеси каралганы дале эсимде.

Каныбек аке — палбан жигит. «Базарскийлер» менен да тең ата сүйлөшөт экен. Күндүз түшкө чейин сабак. Түштөн кийин Башкы корпуска барып «Нур» гезитин чыгаруу, башка коомдук иштер. 92-93-жылдар — айылдарда тегирменге тартылган буудай нан жеп калган өтө катаал жылдар. Тегирменчилер — айылдардагы биринчи авторитеттер. Тиги тегирмечи каланы азыраак алат деп, айылдын бул учунан тиги учуна буудай алып барабыз. Кала дегени — буудайды тартып берген акысы. Нак акча деген жок. Ошол жылдарда айылдар, райондук бийликтер элден азык-түлүк, тыйын чогултуп, шаарларда окуган студенттерге гуманитардык жардамдарды жөнөтүп туруу салты пайда болгон. Бир күн Кара-Кулжанын студенттерине жардам келсе, эртеси Аксы, Баткен… ошентип кете берет.

Арзыбек Кожошев баш болгон студенттер кошууну ошолорду бөлүштүрүү, таратуу менен убара. Каныбек аке — студенттик иш-чаралардын башкы режиссеру. Факультет деңгээлинде болобу, университет деңгээлинде болобу, бир да иш-чара ансыз өтпөйт. ОшМУнун ректору Бакыт Бешимов студенттерге укмуш дем берет, демилгелерди көтөрөт. Англис тилин мыкты билген киши эле, дүйнөдөгү болуп жаткан бардык жакшылыктарды ОшМУга алып келип жатты. Ал киши тандап, ийиндеше иштеген студенттер азыр республикага таанымал инсандар: Дүйшөн Чотонов, Кубаныч Исаков, Арзыбек Кожошев, Каныбек Исаков, Нуржигит Кадырбеков, Ленара Ниязбекова ж. б. ишкер чөйрөдө, билим берүү тармагында жүргөн толтура уул-кыздар.

Жогоруда айттым: Каныбек аке сабакта, анан университеттин иштери, «Нур» гезити болуп кечке бир мүнөт бошобойт. Караңгы киргенде түн каракчысындай болуп, жатаканаларда «базарскийлер» пайда болот. Алар маңдайыңан сылачу балдар эмес. Мушташ, жаңжал, ызы-чуу, териштирүү. Каныбек акенин студенттик турмушу ушундай эле. (19-август, 2016-жыл)

***

Акынбек Эргешов, «Марал» радиосунун башкы директору:

Бул дүйнөдө баарыбыз туруктуу эмес экенбиз… Каныбек агай үчүн бир эле мен эмес, жалпы кыргыз интеллигенциясы кайгы жутуп турат. Экөөбүз көптөгөн сапарларда чогуу жүргөнбүз. Ошондо дагы эң бир адамга таасир эткен, жүрөктө калчу сөздөрдү айтат элеңиз. Ар бир айткан акылыңыз, кеңешиңиз, насаатыңыз жүрөктө. «Ыйык Ата-Журт» Ош коомдук жаштар фондун жетектеп жүргөнүмдө, сиздин зор жардамыңыз менен эл аралык илимий симпозиумду өткөргөнбүз. Жаткан жериңиз жайлуу болсун! АЛЛАХЫМ өзүнө жаккан, жакшы адамдарын алып кетет экен. Бейиштин төрүндө жүрүшүңүздү дуба кылам…

Каныбек Исаков 2019-жылы, 24-сентябрында «Марал» радиосунун «Айлампа» уктуруусунда конокто болуп, жаңы министрлик жумушун эмнеден баштай турганы тууралуу кенен маек курган болчу. «Марал» радиосунун жамааты Исаковдун үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Copyright © 2017 Maral FM