Connect with us

Исаков: Коомдо мугалимдердин кадыр-баркы жогорулап баратат

Кыска кабар | 27 Апр 2020 | 2422 | 0

Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков шаардык жана райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары менен кезектеги онлайн конференциясын өткөрдү. Жыйында дистанттык окутуунун жүрүшү тууралуу сөз болду. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Министр дистанттык окутуунун алгачкы жумасында мугалимдер жана окуучулар жаңы форматта биргелешип иштөөнү өздөштүрүшсө, кийинки жумаларда мугалимдер инновациялык тажрыйбаларды үйрөнүшүп, ар бир педагог чыгармачылык менен изденип, дистанттык билим берүү процессин жакшы жолго коюп баратышкандыгын белгиледи.

Мугалимдерибиздин эмгегин баалап, азыр баары ыраазычылыгын айтып жатышат. Мектеп мугалимдеринин өз ишине так, эмгеги ак экендигин коомчулук сезип жатат. Педагогдорубуздун жоопкерчиликтүүлүгүнөн, күнү-түнү иштеген мээнеткечтигинен коомдо кадыр-баркы жогорулап баратат.  Дистанттык окутуу – мугалим, окуучулар менен бирге көпчүлүк ата-энелердин да санариптик сабаттуулугун арттыра баштады. Бул — жакшы көрүнүш. Азыр биз башыбыздан өткөрүп жаткан билим берүү процессин терең анализдеп, алгылыктуу жактарын алып, кемчиликтерин түздөп, алдыга кадам шилтешибиз керек”, — деди Исаков.

Каныбек Исаков билдиргендей, жаңы окуу жылынан тарта дистанттык окутууну окуучуларга кошумча билим булагы катары киргизүү пландалып жатат. Каалаган окуучулар мектептеги сабагынан кийин, ар бир багыт боюнча видео сабактарды көрүүгө, билим берүү порталдарындагы окуу материалдары менен таанышууга мүмкүнчүлүктөр ачылат. ЖРТга, PISAга даярдоо боюнча мугалимдер жана окуучулар үчүн онлайн сабактар сунуш кылынат.  Көп тилдүүлүк боюнча, IT технология боюнча жана түрдүү предметтер боюнча тереңдетип үйрөтүүчү онлайн-курстар иштелип чыгат.

Министр телевизор, телефонго муктаж үй-бүлөлөрдүн маселеси жергиликтүү бийлик, демөөрчүлөрдүн жардамы менен мүмкүнчүлүккө жараша чечилип жаткандыгын, бул боюнча жумуштар улана берерин кошумчалады.

Белгилей кетсек, Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков ушуну менен төртүнчү ирет шаардык жана райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары менен онлайн конференция өткөрдү.

Copyright © 2017 Maral FM