Биз менен байланышыңыз

Бишкекте коронавируска байланыштуу 15 мектеп жабылды

Кыска кабар | 22 Апр 2021 | 857 | 0

Бишкекте 15 мектеп толук онлайн режимде окууга өттү, анткени анда COVID-19 менен ооругандар көп. Бул тууралуу брифингде Бишкек мэриясынын билим берүү башкармалыгынын кызматкери Гүлмира Акматова билдирди.

Анын айтымында, салттуу режимде окуган окуучулардын арасынан 1 миң 607 окуучу үйдөн окууга арыз жазган.

Ошондо эле, ал COVID-19 илдети 45 окуучудан жана 24 мугалимден аныкталганын белгиледи. Окуучулардын бирөөсү пневмонияга кабылган.

Бүгүнкү күнгө карата Бишкектеги эпидемиологиялык абал оор бойдон калууда.

Copyright © 2017 Maral FM