Биз менен байланышыңыз

Бишкек милициясынын тергөө абагы капиталдык оңдоодон өткөрүлүүдө

Кыска кабар | 18 Фев 2022 | 501 | 0

Бишкек шаардык милициясынын тергөө абагы капиталдык оңдоодон өтүп жатат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, эки кабаттуу имаратта тамактануучу жай, жуунучу жай жана 31 камера бар.

Учурда тамактануучу, жуунучу жайлар оңдолуп, кафель төшөө иштери жүрүп жатат. Ошондой эле камералар, коридорлор, администрациянын кеңселери жана кабылдамалар оңдолууда. Мындан тышкары желдетүү жана ички жылытуу системасы да оңдолот.

Баштан-аяк оңдоо иштерин «Рамазан Курулуш» ЖЧКсы тендерден утуп алган. Ал ушул жылдын апрель айынын аягына чейин бүтүшү керек.

Copyright © 2017 Maral FM