Биз менен байланышыңыз

Мэрия жаңы ипподромду жеке өнөктөш менен курууга ниеттенди

Кыска кабар | 13 Дек 2020 | 888 | 0

Бишкек мэриясы шаарга жаңы ипподромду мамлекеттик жеке өнөктөштүк менен курууга ниеттенип жатат. Бул тууралуу Экономика министрлиги өз сайтына жарыя кылды.

Калаа бийлиги жаңы ипподромдун курулушу  менен ат спорту жана башка оюн-зоок иш-чараларын өткөрүүдө көрүүчүлөрдү жайгаштыруу үчүн орундарды көбөйтүүнү, ат чабыш жана башка улуттук оюндар үчүн жарыш жолун жаңылоону көздөйт. Ошондой эле транспорттук жана коммуникациялык инфраструктураны түзүүнү, курулуштардын архитектуралык көрүнүшүн жакшыртууну максат кылууда. Жаңы ипподром эски ат майдандын ордуна эле курулат. Ал жердин аянты 57,4 гектарды түзөт.

Ал үчүн кызыкдар тараптар өз сунуштары менен кайрылса болот. Өнөктөштүктүн алкагында аткарыла турган жумуштар төмөнкүдөй:

— Авариялык имараттарды бузуу;

— ТЭН, архитектуралык дизайн жана долбоордук документтерди иштеп чыгуу (Бишкек шаарынын мэриясынын ТЗ УКС ылайык);

— Жаңы ипподромду жана коштоочу инфраструктураны куруу;

— Өздүк же карызга алынган каражаттарды пайдалануу менен каржылоону жүзөгө ашыруу;

— Комплекстүү башкарууну ишке ашыруу;

— Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк келишиминин мөөнөтү аяктаганда (30 жылга чейин) жеке өнөктөштүн объектти пайдалануу укугу токтотулат, бирок келишимде каралган учурларда МЖӨ келишиминин мөөнөтү узартылышы мүмкүн.

Кызматташкысы келгендер Экономика министрлигинин алдындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борборуна же шаар бийлигине байланыша алат.

Белгилей кетсек, жарыяланган маалыматта “Аккула” ат майданы заманбап талаптарга жооп бербегени, ири иш-чараларды, оюн-зоокторду мындай абалдагы жайда өткөрүүгө болбой турганы жазылган.

 

Copyright © 2017 Maral FM