Биз менен байланышыңыз

«Быйылкы жыл жаңы конуштардын көйгөйүн чечүү жылы болот»

Кыска кабар , Пикирлер | 5 Янв 2021 | 1133 | 0

Бишкек мэриясы быйыл социалдык объектилерди көбүрөөк курууга ниеттенүүдө. Бул тууралуу калаа мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Маалыматка караганда, алдыда Масалиев көчөсүнөн Ала-Арча резиденциясына чейинки бөлүккө бульвар салынат.

Кароосуз калган жарандар үчүн 200 кишиге ылайыкталган реабилитациялык борбор ачылат. Борборго дарыкана, мончо орнотулуп, бардык шарттар түзүлөт. Кайрылган жарандарга документ берилип, коомго аралашуусу камсыздалат.

Коомдун аярлуу катмарлары үчүн да өзүнчө турак-жай салынат.

Мындан сырткары, унаа токтотуучу жайлар аутсорсингге берүү пландалууда.

«Бала бакча, оорукана салууну каалаган жеке ишкерлерге жер тилкелери берилет. Бизнеске тоскоолдук жараткан мыйзамдарды карап чыгабыз. Быйылкы жыл жаңы конуштардын көйгөйлөрүн чечүү жылы болот», — дейт Түлөбаев.

Copyright © 2017 Maral FM