Биз менен байланышыңыз

Түлөбаев: Мэриянын былтыркы ишине жакшы баа берем

Кыска кабар , Пикирлер | 5 Янв 2021 | 878 | 0

Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев «Марал» радиосуна берген маегинде 2020-жылы аткарылган маанилүү иштер тууралуу маалымат берди.

Ага ылайык, 2020-жылы «Ынтымак», «Түлөбердиев» парктары ачылып, веложолдор салынды.

«Балалык», «Азербайжан» парктарынын пайдубалы түптөлдү.

«№19 мектеп, бала бакчалар салынды. Өткөн жылы көп иштер аткарылды. Экс-мэр Азиз Суракматовго да ыраазычылыгымды билдирем, анын эмгеги көп. Пандемияда жакшы иштеп, стационар ачып, көп элди сактап калды. «Жакшы» деген баа берем. Учурда аткарылып жаткан иштер улантылат», — дейт Түлөбаев.

Copyright © 2017 Maral FM