Биз менен байланышыңыз

Мэрия кара түтүн маселесин 2022-жылга чейин чечет

Кыска кабар , Пикирлер | 5 Янв 2021 | 1149 | 0

Бишкекте абанын булгануусунун негизги себеби көмүр жагуу. Бул тууралуу калаанын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, мэрия абанын булгануусун азайтуу үчүн 2022-жылы шаардагы 22 отказанды жана 22 мектептин жылытуу системасын көмүрдөн газга өткөрөт. Жаңы конуштар газдаштырылат.

Калаада 400 миңге жакын автоунаа бар. Алардын 90 %ы улуу заттарды бөлүп чыгарууда. Мындан улам катализору жок унааларды газга өткөрүү зарыл. Ал үчүн өкмөткө сунуш берип, тийиштүү мыйзамдарды кабыл алуу керек.

Мындан сырткары, өкмөткө сунуш берип, ЖЭБди да газга өткөрүү керек.

«Бишкектеги эски ЖЭБди гана газга өткөрө алабыз. Ал эми жаңысы Кара-Кеченин көмүрүнө ылайыкталып курулган. Эң маанилүүсү, кабыл алынган чечимдерди коомчулук колдошу керек. Шаардыктардын колдоосу болмоюнча болбойт. Алар талаптарды койгон соң, бийлик менен чогуу иштеши шарт», — дейт Түлөбаев.

Copyright © 2017 Maral FM