Биз менен байланышыңыз

Бишкекти каптаган кара түтүн боюнча даректүү тасма тартылды

Кыска кабар | 9 Апр 2021 | 2016 | 0

Бишкек шаарын каптаган кара түтүн боюнча экоактивисттер Искендер Алиев жана Бермет Бөрүбаева даректүү тасма тартышты.

«Бишкек смог» аттуу бул тасмада жакырчылык менен коррупциянын мамлекетке тийгизген кесепетинен экологиялык кырсыктын жаралганы чагылдырылган. Андан тышкары кара түтүндүн пайда болуу себептери, ЖЭБ, унаалар, жаңы имараттар, курулуш сыяктуу абаны көбүрөөк булгаган предметтер, ошондой эле мамлекеттик органдардын жоопкерчиликти бири-бирине шылтап, эч ким мойнуна албай жатканы баяндалат.

«Биз экологиялык көйгөйлөрдү изилдөө менен алектенебиз, атап айтканда, биз Бишкектеги көпчүлүк адамдар сыяктуу эле төбөбүздө калкып турган кара түтүнгө кабатыр болуп келе жатабыз. Баарыбыз ушундай булганган аба менен дем алып жатканыбыз өкүндүрөт», — деди Искендер Алиев.

Тасманын бет ачары ушул жылдын күз айларына пландалды. Ал эми азырынча трейлерин көрүүгө болот.

Copyright © 2017 Maral FM