Биз менен байланышыңыз

Бишкекке Кара-Кече көмүрүн киргизүүгө тыюу салынышы мүмкүн

Кыска кабар , Пикирлер | 5 Янв 2021 | 1276 | 0

Бишкек шаарына түтүнү аз чыга турган көмүрлөр алынып келиши керек. Кара-Кеченин көмүрү өтө зыяндуу. Бул тууралуу мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Ал Бишкек шаарында лицензиясыз көмүрлөрдү саттырбай турганын белгиледи.

«Учурда мыйзамдуу талааны карап жатабыз, эгерде уруксат болсо, Бишкекке Кара-Кеченин көмүрүн киргизүүгө тыюу салышыбыз мүмкүн. Мындан сырткары тыштан катализатору жок унааларды киргизбешибиз керек. Тыюулар киргенде шаар тургундары митингге чыгып, мэриянын алдына чогулбашы керек. Эртең көмүргө чек коюлганда баарыңар чогулуп келип алып, «көмүр мафиясынын» сөзүн сүйлөбөшүңөр кажет. Туура түшүнүп, бизди колдоңуздар. Биргеликте ишке ашыра алабыз», — дейт Түлөбаев.

Анын айтымында, маршруттук таксилерди калаанын сыртына чыгарып, автобустарды газга өткөрүү зарыл.

Мэрия кара түтүн маселесин 2022-жылга чейин чечет

Copyright © 2017 Maral FM