Ош шаарынын мэриясы жеке ишкерлердин, демөөрчүлөрдүн жардамы менен жашоо-шарты оор 140 үй-бүлөгө акысыз көмүр таратты.
Ош мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, ар бир үй-бүлөгө бир тоннадан көмүр берилген.
Маалыматка ылайык, ишкерлер дагы 154 тонна көмүр түшүрүп берүүнү пландап жатышат.