Биз менен байланышыңыз

Жалал-Абад жана Ош облусунда жер титиреди

Кыска кабар | 18 Ноя 2021 | 519 | 0

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, Кыргызстандын түштүк аймагында 17-ноябрда саат 17:17де очогунда күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Жер титирөө Жалал-Абад жана Ош облустарынын Соку-Таш, Беш-Бадам, Ак-Тоок, Фрунзе, Октябрь айылдарында 5 балл, Кызыл-Октябрь, Карача, Совет, Бешик-Жон, Базар-Коргон, Бостон, Благовещенко, Багыш, Михайловка, Кара-Чолок, Сары-Булак, Карамарт, Көк-Жаңгак айылдарында 4,5 балл, Жалал-Абад шаары, Масы, Сузак, Гелеген, Таран-Базар, Кара-Алма, Саты, Жоон-Күнгөй айылдарында 4 балл, Майлуу-Суу, Өзгөн, Шамалды-Сай, Кара-Суу айылдарында 3 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Copyright © 2017 Maral FM