Биз менен байланышыңыз

Жалал-Абадда 3 млн сомдук кыймылсыз мүлк мамлекетке кайтарылды

Кыска кабар | 2 Фев 2022 | 339 | 0

Жалал-Абад облусунда 3 млн 195 миң сомдук кыймылсыз мүлк мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Токтогул райондук прокуратурасы Жер кодексинин талаптарын бузуу фактысын аныктаган.

Токтогул айыл өкмөтүнүн 2007-жылдагы токтому менен муниципалдык менчиктеги жалпы 0,24 га жер аянтын ээлеген гараж Т.И. аттуу тургундун жеке менчигине берилип кеткен.

Райондук прокуратуранын сотко келтирилген доо арызы менен 3 млн 195 миң сомдук бул кыймылсыз мүлк мэриянын менчигине кайтарылды.

Copyright © 2017 Maral FM