Connect with us

Актауда авиакырсыкты иликтөөгө комиссия түзүлдү

Кыска кабар | 25 Дек 2024 | 157 | 0

Актауда кулаган учак боюнча кырсыктын себептерин иликтөө үчүн өкмөттүк комиссия түзүлдү

Тиешелүү токтомго Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов кол койду.

Комиссиянын курамына вице-премьер-министр, Мангыстау облусунун акими, Өзгөчө кырдаалдар, Транспорт, Тышкы иштер, Ички иштер, Эмгек жана калкты социалдык коргоо, Саламаттыкты сактоо министрликтеринин жетекчилиги жана Башкы транспорт прокурору кирди.

Комиссияга окуя болгон жерге тез арада учуп баруу, авиакырсыктын себептерин комплекстүү иликтөөнү камсыз кылуу, каза болгондордун жана жабыркагандардын үй-бүлөлөрүнө биринчи кезекте жардам көрсөтүү чараларын көрүү тапшырылды.

Казакстандын Актау шаарында Баку-Грозный каттамындагы учак кулап түшкөн. Учакта жалпысынан 67 адам болгон. Анын ичинен 5 адам экипаждын мүчөлөрү, калгандары жүргүнчүлөр экени кабарланды. Авиакырсыктан 28 адам тирүү экени,  аларга учурда тиешелүү медициналык жардамдар корсөтүлүп жатканы кабарланды. Жүргүнчүлөрдүн ичинен 3 адам Кыргызстандын жарандары экени айтылууда. Мындан тышкары 37 адам Азербайжандын, 16 адам Орусиянын, 6 жүргүнчү Казакстандын жарандары болгон.

Кырсык катталган жерге ӨКМдин 150 кызматкери куткаруу иштерин жүргүзүүдө. Учак Азербайжандын Azerbaijan Airlines авиакомпаниясына таандык экени айтылууда. Алдын ала маалыматтар боюнча учактын кырсыкка учурашынын себеби, чымчыктар учактын айлангычына кирип кеткени кабарланууда.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM