Биз менен байланышыңыз

«Бишкек» эркин экономикалык аймагында мыйзамсыз ишкерлик аныкталды

Кыска кабар | 26 Янв 2022 | 347 | 0

Башкы прокуратура жана Бажы кызматынын контрабандага каршы күрөшүү башкармалыгы тарабынан баалуу металлдарды камтыган кендерди кайра иштетүү боюнча мыйзамсыз ишкердик жүргүзүү фактылары аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Бажы кызматынын жана «Бишкек» эркин экономикалык чөлкөмүнүн (ЭЭЧ) кызмат адамдарынын колдоосу менен «Бишкек» эркин экономикалык аймагында уруксат берүүчү документтери жок жеке фирмалардын бири уулуу заттарды колдонуу менен техникалык жана экологиялык коопсуздук талаптарын бузуп, кенден алтын бөлүп алууда көп убакыттан бери мыйзамсыз иш жасап келгени тастыкталган.

Аталган факты боюнча Башкы прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (коррупция) менен иш козголуп, тергөө жүргүзүлүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM