Биз менен байланышыңыз

Ысык-Көл облусунда 3,48 гектар жайыт жер мамлекетке кайтарылды

Кыска кабар | 14 мая 2021 | 410 | 0

Ысык-Көл облустук прокуратурасы тарабынан 3,48 гектар жердин жеке менчикке мыйзамсыз өтүп кеткен фактысы аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди.

Прокурордук текшерүүнүн жүрүшүндө Ысык-Көл райондук сотунун 2015-жылдын 6-июлундагы чечими менен жайыт катары эсептелген 3 млн 86 миң  сомдук жер тилкеси К.А. аттуу жарандын жеке менчигине мыйзамсыз берилип кеткендиги такталды.

Бул кыймылсыз мүлктү мамлекетке кайтаруу максатында, облустук прокуратура райондук соттун чечимин жокко чыгаруу жөнүндөгү доо арыз менен облустук сотко кайрылган. Апелляциялык инстанциядагы сот  прокурордук чара көрүү актысын толугу менен канааттандырды.

Прокуратуранын кийлигишүүсү менен белгиленген жер тилкеси мамлекеттин балансына өткөрүлдү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM